Аймак

ТАЖИКСТАНДА ОРОЗО АЙТТЫН АЛДЫНДА АЗЫК-ТҮЛҮК КЫМБАТТАДЫ

ТАЖИКСТАНДА ОРОЗО АЙТТЫН АЛДЫНДА АЗЫК-ТҮЛҮК КЫМБАТТАДЫ

 1,902 Бардыгы /

Тажикстанда Орозо Айттын алдында айрым азык-түлүк товарлары кымбаттады. Өлкөдө диний майрамдардын алдында баа дайыма өсөт.

Ишкерлер менен сатуучулар азык-түлүктүн кымбатташын суроо-талаптын көбөйүшү менен түшүндүрүшөт.

Айтта майрамдык дасторкон жаюу үчүн орточо 100 доллар коротуу керек. Коронавирус пандемиясына байланыштуу көпчүлүк ишсиз жүргөн маалда, айрымдарынын буга алы келбейт. Көптөгөн душанбеликтер мөмө-жемиш, эт сатып алуудан баш тартарын, айрымдары майрамдык дасторкон жайбай турганын билдиришүүдө.

Мөмө-жемиштердин килосу 35-45 сомониге чейин сатылууда. Соңку эки күндө эле жумуртканын он даанасы 35тен 41 сомониге чейин көтөрүлүп кетти.

Буга чейин Тажикстан президенти Эмомали Рахмон өз өлкөсүндө азык-түлүккө болгон баа 13 пайызга жогорулаганын айткан. Анын билдиришинче, азык-түлүккө кирбеген товарлардын наркы жыл башынан бери 5,8 пайызга, кызмат акылар 4 пайызга көтөрүлгөн.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17