Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
1,171 Бардыгы / Тажикстанда “Ислам кайра жаралуу партиясынын” мурдагы мүчөсү, дарыгер Мирзо Хожимухаммад (Мирзокул Хожиматов) камакка алынды. Бул тууралуу анын адвокаты Абдусалом Дадобоев билдирди. Адвокаттын айтымында, Хожимухаммад “Экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн уюштуруу” айыбы менен 22-майда кармалып, тергөө абагына камалган. Ал бул берене боюнча күнөөлүү деп табылса 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Азырынча тажик бийлиги […]
1,172 Бардыгы / Тажикстанда “Ислам кайра жаралуу партиясынын” мурдагы мүчөсү, дарыгер Мирзо Хожимухаммад (Мирзокул Хожиматов) камакка алынды. Бул тууралуу анын адвокаты Абдусалом Дадобоев билдирди. Адвокаттын айтымында, Хожимухаммад “Экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн уюштуруу” айыбы менен 22-майда кармалып, тергөө абагына камалган. Ал бул берене боюнча күнөөлүү деп табылса 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Азырынча тажик бийлиги […]
ТАЖИКСТАНДА “ИСЛАМ КАЙРА ЖАРАЛУУ ПАРТИЯСЫНЫН» МУРДАГЫ МҮЧӨСҮ КАМАЛДЫ
25.05.2021 / Автор aymak1,173 Бардыгы /
Тажикстанда “Ислам кайра жаралуу партиясынын” мурдагы мүчөсү, дарыгер Мирзо Хожимухаммад (Мирзокул Хожиматов) камакка алынды. Бул тууралуу анын адвокаты Абдусалом Дадобоев билдирди.
Адвокаттын айтымында, Хожимухаммад “Экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн уюштуруу” айыбы менен 22-майда кармалып, тергөө абагына камалган. Ал бул берене боюнча күнөөлүү деп табылса 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Азырынча тажик бийлиги Хожимухаммаддын кармалышы жана тагылган айыптар боюнча комментарий бере элек.
Тажик жана орус жарандыгына ээ 63 жаштагы Мирзо Хожимухаммад кезинде “Ислам кайра жаралуу партиясынын” Согд облусундагы өкүлчүлүгүн жетектеген. Жакындарынын айтымында, ал партиянын катарынан 2015-жылы өз каалоосу менен чыгып кетип, 2017-жылга чейин Ашт райондук ооруканасында дарыгер болуп иштеген.
2019-жылдан бери Орусиянын Тюмень облусунда жашаган Хожимухаммад быйыл февралда туугандары менен көрүшүү үчүн Тажикстанга келген. Көп өтпөй бийлик ага каршы Тажикстанда кылмыш иши козголгонун билдирген.
Мирзо Хожимухаммаддын жакындары ага тагылган айыптоолорду негизсиз деп атап, анын тез арада бошотулушун талап кылууда. Уулунун айтымында, сурак маалында атасы саясат менен алектенбей турганын, ислам партиясынын жетекчилиги менен эч кандай байланышы жок экенин билдирген.
Тажикстандын Жогорку соту 2015-жылы күзүндө “Ислам кайра жаралуу партиясын” экстремисттик деп таап, өлкө аймагында анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Андан бери Тажикстанда партиянын жүздөгөн активисттери менен мүчөлөрү узак мөөнөттөргө соттолду.
Бийлик партияны мурдагы коргоо министринин орун басары Абдухалим Назарзода менен көмүскө бүтүмгө барып, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп айыптоодо. Партия жетекчилиги бул айыптоолорду четке кагып келет.
WWW.
Автор aymak
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
21.11.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ АБАКТА ЭЛ АРАЛЫК СТАНДАРТТАРГА ШАЙКЕШ ШАРТТАР ТҮЗҮЛДҮ
-
-
21.12.2023 / Автор anarkan_kg ЛЕЙЛЕКТИК АЛДАМЧЫ БИШКЕКТЕН КАРМАЛДЫ
-
Маек
Кадырберди БАЙГАЗИЕВ: “ЗАМАНБАП МЕКТЕП ҮЧҮН ОЙЛОМ ИШМЕРДИГИН АКТИВДЕШТИРҮҮ – МЕЗГИЛДИН КЕЧИКТИРИЛГИС ТАЛАБЫ!”
Ушул тапта Кыргызстандын башталгыч мектептеринде математика предмети боюнча ар түрдүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.