Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА «ЭРК» ПАРТИЯСЫ МУРДАГЫ ЫРЧЫНЫН ТАЛАПКЕРЛИГИН ПРЕЗИДЕНТТИККЕ КӨРСӨТТҮ

ӨЗБЕКСТАНДА «ЭРК» ПАРТИЯСЫ МУРДАГЫ ЫРЧЫНЫН ТАЛАПКЕРЛИГИН ПРЕЗИДЕНТТИККЕ КӨРСӨТТҮ

 795 Бардыгы /

26-майда Өзбекстандагы оппозициячыл «Эрк» демократиялык партиясы мурдагы ырчы Жахонгир Атажановдун талапкерлигин президенттикке көрсөттү. Өлкөдө президенттик шайлоо быйыл октябрда өтөт.

«Эрктин» активисти Абдусалом Эргашев “ОБОНчулардын” чабуулуна карабай, партия бир добуштан Атажановдун талапкерлигин колдогонун маалымдады.

Жахонгир Атажанов “Инстаграмдагы” баракчасына анын үйүнө белгисиз кишилер келип, акарат келтирип, үйүн жумуртка менен ургулап кетишкенин жазды.

Билдирүү менен кошо тиркелген видеодо 20дай киши Атажановду курчап алып, ага кыйкырып, кемсинтип жатканын көрүүгө болот.

Жахонгир Атажанов анын үйүнө кирип келген кишилер «Күзгү» интернет-басылмасынын блогеринин 1,5 миң долларлык фотоаппаратын талкалап салышканын кошумчалады.

– Бул окуядан кийин тилкелик инспекторго жана ички иштер органдарына арыз менен кайрылдык. Мен кол салууга өкүнгөн деле жокмун, бирок элим ушундай төмөн деңгээлге түшүп кеткени өтө өкүнүчтүү, – деди Атажанов.

«Эрк» партиясынын активисттери бул кол салуунун артында Өзбекстандын азыркы президенти жана анын күч түзүмү турат деп эсептешет.

– ОБОНчулардын кол салуусу биринчи жолу болуп жаткан жок. Алар мурда партиянын активисти Хидирназар Аллакуловго да чабуул жасашкан. Биз оппозиционерлерге кол салууга эң жогорку жактан буйрук берип жатышат деп ойлойбуз, – деди активист Абдусалом Эргашев.

12-майда Түркиянын Стамбул шаарынан Ташкентке учуп келген өзбекстандык белгилүү ырчы Жахонгир Атажанов президенттик шайлоого аттанарын кабарлаган:

– Өзбекстанда биринчи кезекте «Эрк» демократиялык партиясын жандандыруу керек. Ошол себептен мен Өзбекстанга кайтып келдим. Менин максатым – президент болуу, артка жол жок.

42 жаштагы өзбекстандык ырчы Жахонгир Атажанов былтыр музыкалык карьерасын токтотконун, январь айында саясатка бел байлап, президенттик шайлоого аттанарын билдирген. Көп өтпөй Атажановдун Ташкент шаарындагы кеңсесине белгисиз аялдар келип, бул жер сойкукана экенин жана маңзаттар сатыларын айтып полицияны чакырышкан.

Жахонгир Атажанов Өзбекстандагы кысымдарга чыдабай үй-бүлөсү менен быйыл март айында Түркиянын Стамбул шаарына учуп кеткен.

Өзбекстанда президенттик шайлоо ушул жылы 24-октябрында өтөт. Бирок расмий талапкерлердин аты дагы деле болсо белгисиз.

Президент Шавкат Мирзиёев экинчи мөөнөткө ат салышары айтылган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17