Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДАГЫ ЖАҢЫ КАДРДЫК ДАЙЫНДООЛОР
«КЫРГЫЗНЕФТЕГАЗ» ААКта ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
ПРЕДМЕТТИК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ
Ой толгоо ДААВАТ. ДААВАТ ДЕГЕН ЭМНЕ?
- ticket title
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
1,012 Бардыгы / Тажикстандын чыгышындагы Сангвор районунда жашаган видеоблогер Лайрон Файзали Сафаров YouTube порталындагы каналы жабылганын билдирди. Аймактын жаратылышы тууралуу видеолору менен атактуулукка жеткен 39 жаштагы блогер Alivvza аттуу каналын 2016-жылы ачып, бүгүнкү күнгө чейин 144 миңден ашык катталуучу топтогон. Анын каналга жайгаштырган видеолорун 10 миңден 1 миллионго чейин колдонуучу көрүп келген. «Бул токтошу керек! Менин […]
1,013 Бардыгы / Тажикстандын чыгышындагы Сангвор районунда жашаган видеоблогер Лайрон Файзали Сафаров YouTube порталындагы каналы жабылганын билдирди. Аймактын жаратылышы тууралуу видеолору менен атактуулукка жеткен 39 жаштагы блогер Alivvza аттуу каналын 2016-жылы ачып, бүгүнкү күнгө чейин 144 миңден ашык катталуучу топтогон. Анын каналга жайгаштырган видеолорун 10 миңден 1 миллионго чейин колдонуучу көрүп келген. «Бул токтошу керек! Менин […]
ТАЖИКСТАНДА “БИЙЛИКТИН КЫСЫМЫНАН УЛАМ” БЕЛГИЛҮҮ БЛОГЕР YOUTUBE КАНАЛЫН ЖАПТЫ
04.06.2021 / Автор aymak

1,014 Бардыгы /
Тажикстандын чыгышындагы Сангвор районунда жашаган видеоблогер Лайрон Файзали Сафаров YouTube порталындагы каналы жабылганын билдирди.
Аймактын жаратылышы тууралуу видеолору менен атактуулукка жеткен 39 жаштагы блогер Alivvza аттуу каналын 2016-жылы ачып, бүгүнкү күнгө чейин 144 миңден ашык катталуучу топтогон. Анын каналга жайгаштырган видеолорун 10 миңден 1 миллионго чейин колдонуучу көрүп келген.
«Бул токтошу керек! Менин видеолорум боюнча ар кайсы жерден телефон чалып, сөгүп жатышат. Ошондуктан мунун баарын таштап, жашоодон ыракат алууну чечтим», — деди блогер «коштошуу видеосунда».
Ал журналисттерге YouTube каналынын жабылышынын себеби тууралуу айтуудан баш тартып, болгону чарчаганын, эс алгысы келгенин билдирди.
Бирок Шодимухаммад Кодиров аттуу жергиликтүү тургун акыркы кездери блогерге бийлик тараптан кысым болуп келгенин билдирүүдө. «Мен бул абалды жакшы билген адамдар менен сүйлөштүм. Алар бийлик Файзалиден өлкө башчынын саясатын мактап, бийликти сындагандарга каршы болууну талап кылганын айтышты. Блогер аны саясатка аралаштырбоону өтүнгөн. Бирок район бийлиги ага «биз айтканды кыласың же таптакыр иштебейсиң» деген ультиматум коюшкан», — деди Кодиров.
Райондук ички иштер бөлүмүндөгү аты-жөнүн билдиргиси келбеген булак видеоблогерге кысым болгонун ырастады. Анын айтымында, Файзали Сафаров жер тилкелеринин жетишсиздигинен улам нааразылык билдирген айыл тургундарын айыптап чыгышы керек болчу.
«Блогерди видео тартып, тургундардын жер тилкесине байланышкан көйгөйлөрү жок экенин көрсөтүүгө милдеттендиришкен. Менин билишимче, ал Улуттук коопсуздук комитетинин аймактагы бөлүмүнө да чакырылган», — деди булак.
Сангвор райондук акимчилигинен видеоблогерге кысым болгонун четке кагышты. «Мен анын эмгектерин көргөм, өтө жакшы видеолор. Биз блогерлерге саякат тууралуу сайтыбыз менен кызматташууну да сунуштаганбыз. Бизде блогерлер менен эч кандай маселе жок», — деди акимчиликтин социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Шоди Рахмонов.
Файзали Сафаров 2017-жылы Тажикстанда «YouTube баатыры» деген наам алган. 2019-жылы «Озоди» радиосунун «Менин айылым — мекенимдин бир бөлүгү» деген видеосынагына катышып, баш байгени жеңип алган.
Жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары акыркы жылдары Тажикстанда бийликтин ЖМКларга карата кысымы күчөгөнүн айтып келишет. «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюмунун 2020-жылга карата жарыяланган сөз эркиндиги боюнча рейтингинде Тажикстан 180 өлкөнүн ичинен 161-орунга жайгашкан.
WWW.
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
26.02.2026 / Автор anarkan_kg ЧЕК АРАЧЫЛАРДЫН ЖҮЗ ҮЙ-БҮЛӨСҮ ЖАҢЫ КОНУШКА КӨЧҮП КИРИШТИ
-
26.02.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ ЖАҢЫ КАДРДЫК ДАЙЫНДООЛОР
-
26.02.2026 / Автор anarkan_kg ОБЛУС БАШЧЫСЫНЫН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ КЫЗМАТТАН БОШОТУЛДУ
-
21.02.2026 / Автор anarkan_kg ЭРНИСБЕК ОРМОКОВ МАНАС ШААРЫНЫН МЭРИ КЫЗМАТЫНАН БОШОТУЛДУ
-
10.03.2025 / Автор anarkan_kg КЫЧАН ЖАКЫПОВ АТЫНДАГЫ ЖАТАК МЕКТЕПТЕ
-
13.03.2025 / Автор anarkan_kg 15-МАРТТА АТАЛАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНЕТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.