Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
733 Бардыгы / БАТКЕН. УКМК Кадамжай районундагы жергиликтүү Кеңештин депутатын маңзат ташыган Эл аралык топко тиешеси бар деп күмөндөп жаткан чагы. Анткени, кармалган депутат 2021-жылы 11-апрелде өткөн шайлоодо Халмион Айыл Өкмөтүндө жергиликтүү Кеңешке депутат болуп шайланган. Ал өз аймагында эң көп добуш топтогон төрт талапкердин бири экен. Шектүү О.Т.Б. 1966-жылы 30-майда туулган. Ошентип,УКМК Тажикстан—Кыргызстан—Өзбекстан маршруту боюнча […]
734 Бардыгы / БАТКЕН. УКМК Кадамжай районундагы жергиликтүү Кеңештин депутатын маңзат ташыган Эл аралык топко тиешеси бар деп күмөндөп жаткан чагы. Анткени, кармалган депутат 2021-жылы 11-апрелде өткөн шайлоодо Халмион Айыл Өкмөтүндө жергиликтүү Кеңешке депутат болуп шайланган. Ал өз аймагында эң көп добуш топтогон төрт талапкердин бири экен. Шектүү О.Т.Б. 1966-жылы 30-майда туулган. Ошентип,УКМК Тажикстан—Кыргызстан—Өзбекстан маршруту боюнча […]
КАДАМЖАЙЛЫК ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТЫНЫН МАҢЗАТ ТАШЫГАН ЭЛ АРАЛЫК ТОПКО ТИЕШЕСИ БАР
11.06.2021 / Автор aymak735 Бардыгы /
БАТКЕН. УКМК Кадамжай районундагы жергиликтүү Кеңештин депутатын маңзат ташыган Эл аралык топко тиешеси бар деп күмөндөп жаткан чагы. Анткени, кармалган депутат 2021-жылы 11-апрелде өткөн шайлоодо Халмион Айыл Өкмөтүндө жергиликтүү Кеңешке депутат болуп шайланган. Ал өз аймагында эң көп добуш топтогон төрт талапкердин бири экен. Шектүү О.Т.Б. 1966-жылы 30-майда туулган.
Ошентип,УКМК Тажикстан—Кыргызстан—Өзбекстан маршруту боюнча маңзат ташыган уюшкан кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюп олтурат. Маалыматка караганда, уюшкан кылмыштуу топтун уюштуруучусу — Баткен облусунун Кадамжай районундагы жергиликтүү Кеңештин депутаты О.М.Б. маңзаттарды Кыргызстан аркылуу Тажикстан менен Өзбекстандын аймагына тынымсыз өткөрүп турган. Ал 7-июнда Кадамжай шаарында маңзат соодалап жаткан жеринде кармалды. Баса, маңзаттар андан ары Өзбекстанга алынып кетмек.
Айтмакчы, О.М.Б. жашаган жерде тинтүү жүргүзүлүп, үйүнөн 9 кило чийки апийим, 4 кило гашиш, 37,5 кило марихуана, 1 ок атуучу курал (уруксат кагазы жок), 232 миң доллар, 42 миллион 299 миң 500 Өзбек суму жана 106 миң Кыргыз сому табылды. Фактынын негизинде жалпысынан үч адам — О.М.Б., О.К.М. жана О.К.А. кармалышып, Баткен ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул ишке катыштыгы бар Тажикстандын жарандарын издөө иш-чаралары кызуу жүрүп жатат.
ӨЗБЕКСТАН БАТКЕНДИН САМАРКАНДЕК АЙЫЛЫНА ЖАҢЫ МЕКТЕП САЛЫП БЕРЕТ
БАТКЕН. Коңшу Өзбекстан Баткен облусунун Самаркандек айылындагы жатак мектептин ордуна заманбап агартуу журтун салып бермекчи. Бул жөнүндө Министрлер кабинетинин Баткен облустук Өкүлчүлүгөнөн маалымдашты.
Баса, буга дейре Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу ӨкүлүАбдыкарим Алимбаев жана Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Базаров баштаган делегация менен кенен-чонон жолугушушту. Анда жетекчилер эки тараптуу алаканы мындан ары ого бетер арттырууну өз ара макулдашышты. Кездешүүнүн жүрүшүндө Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчилери 70 жылдык тарыхы бар, эскилиги эбак жеткен Баткен облусунун Самаркандек айылындагы жатак мектептин – гимназиянын ордуна заманбап имарат куруп берүүнү убадалады.
А буга дейре ушул жылдын 23-апрелинде Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын чектеш облустарынын башчылары Ферганада жолугушуп, үч мамлекеттин ишкерлеринин бизнес-форуму дагы өткөрүлгөн. Ага Кыргызстандан Баткен облусунун мурдагы башчысы Өмүрбек Суваналиев, Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражобий Ахмодзода, Өзбекстандын Фергана дубанынын губернатору Хайрулло Бозоров баштаган делегация катышышкан. Сүйлөшүүлөрүн жүрүшүндө экономикалык туруктуу кызматташтык катуу талкууланган.
ОРУСИЯДА ЖАСАЛМА КЫРГЫЗ ПАСПОРТТОРУ МЕНЕН ЖҮРҮШКӨН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨР КАРМАЛЫШТЫ
МОСВКА. Орусияда Кыргызстандын паспортторун жасалма жол менен даярдашып жана колдонуп жүрүшкөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары кармалышты. Бул фактыны Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы Өкүлчүлүгү ырастады.
Ошентип, Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы Өкүлчүлүгү Кыргызстандын паспортторун жасалма жол менен эң мыкты сапатта даярдашып, колдонуп жүрүшкөндөрдү аныктоого Москванын жергиликтүү укук коргоо органдарына көмөктөшүп жаткан чагы.
Ошентип, ийиндеше иштешүүнүн натыйжасында үстүбүздөгү жылдын беш айында эле Орусияда Кыргыз жарандарына таандык делген жасалма документтерди (паспорт жана айдоочулук күбөлүк) колдонгон 113 факты аныкталды. Булардын арасынан 57 документти кыргызстандыктар колдонуп жүрүшсө, ал эми 56 документ Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдүн жарандарынын жанынан табылып олтурат. Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө жасалма документтер Кыргызстанда эмес башка өлкөлөрдө даярдалганы айгинеленди.
ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ МИЛИЦИЯ АРДАГЕРЛЕРИ БАТКЕНГЕ АКЧАЛАЙ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮШТҮ
ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын ардагерлери Баткендеги чек ара чырында өрттөлгөн милициянын аймактык бекетине 86 миң сом жардам көрсөттү.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, аталган бекет чек арадагы Максат айылында жайгашып, Лейлек РИИБсынын Кулунду аймактык милиция бөлүмүнө карайт экен.
Ошентип ички иштер кызматкерлеринин ардагерлери топтошкон 86 миң сом каражатты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын ардагерлери баткендиктерге өздөрү барып тапшырышты.
ОШТО ТЕРГӨӨЧҮ ПАРА АЛЫП ЖАТЫП КАРМАЛДЫ
ОШ. Ошто тергөөчү пара алып жатканда кармалды. Бул жөнүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМКнын) басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош облусунун Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн “Б.Г.И.” аттуу тергөөчүсү 20 миң сом пара алып жаткан жеринде тутукундалды. Ал “зордуктоого аракет кылуу” беренеси менен айыпталып жаткан “А.М.А.” аттуу жарандан “Ишиңди оң жагына бүтүрүп, а түгүл жаап дагы берем” деп 20 миң сом пара талап кылган.
Ошентип, кармалган тергөөчү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш башталды.
Алишер ТОКСОНБАЕВ
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТОГУ ООРУКАНАДА КҮН САЙЫН 300 ЧАКТЫ АНАЛИЗ ЖАСАЛАТ
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН КАРАМАГЫНА ӨТКӨРҮЛГӨН АЙЫЛДАРДА “ТЕЗ ЖАРДАМ” БЕКЕР АЧЫЛАТ
-
-
-
05.02.2024 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗ-ТАЖИК МАМЛЕКЕТТИК ЧЕК АРА ТИЛКЕСИНДЕ АТКЕЗЧИЛИК ЖҮКТӨР КАРМАЛДЫ
-
12.02.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА МУГАЛИМ МАҢЗАТ САТУУ МЕНЕН ШУГУЛДАНГАН
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.