Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,516 Бардыгы / ОШ. Кара-Суу районундагы эң чоң Нариман Айыл өкмөтүндө башчыны шайлоо аяктады. Маалыматка караганда, аталган кызматка үч талапкер катталып, шайлоого бир талапкер келген эмес. Андыктан атаандаштык эки талапкер — Чыңгыз Мамажунусов менен Нодирбек Хасиловдун ортосунда катуу жүрдү. Жыйынтыгында Нодирбек Хасилов 19 добуш, Чыңгыз Мамажунусов 11 добуш алышты. Жалгыз депутат баарына тең каршы добуш […]
1,517 Бардыгы / ОШ. Кара-Суу районундагы эң чоң Нариман Айыл өкмөтүндө башчыны шайлоо аяктады. Маалыматка караганда, аталган кызматка үч талапкер катталып, шайлоого бир талапкер келген эмес. Андыктан атаандаштык эки талапкер — Чыңгыз Мамажунусов менен Нодирбек Хасиловдун ортосунда катуу жүрдү. Жыйынтыгында Нодирбек Хасилов 19 добуш, Чыңгыз Мамажунусов 11 добуш алышты. Жалгыз депутат баарына тең каршы добуш […]
НАРИМАНДА ЖАҢЫ ШАЙЛАНГАН АЙЫЛ ӨКМӨТ БАШЧЫСЫНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ КАЛК АБДАН НААРАЗЫ
14.06.2021 / Автор anarkan_kg

1,518 Бардыгы /
ОШ. Кара-Суу районундагы эң чоң Нариман Айыл өкмөтүндө башчыны шайлоо аяктады. Маалыматка караганда, аталган кызматка үч талапкер катталып, шайлоого бир талапкер келген эмес. Андыктан атаандаштык эки талапкер — Чыңгыз Мамажунусов менен Нодирбек Хасиловдун ортосунда катуу жүрдү. Жыйынтыгында Нодирбек Хасилов 19 добуш, Чыңгыз Мамажунусов 11 добуш алышты. Жалгыз депутат баарына тең каршы добуш берди.
Шайлоо аяктаары менен ондогон жергиликтүү тургундар Нариман Айыл өкмөтүнүн имаратынын алдына чогулушуп, Нодирбек Хасиловдун атасы дагы убагында Айыл Өкмөттү башкаргандыгын, ал элдин ишеничин таптакыр актабагандыгын жар салышты. Ошондой эле Нодирбек Хасиловдун артында Министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Мурадил Тешебаев тургандыгын кошумчалашты.
-Кайрадан Нариман Айыл өкмөтүнүнбашчылыгына шайланганНодирбек Хасиловдун артында Министрлер кабинетинин Ош облусундагы Өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Мурадил Тешебаев турат. Ушул үлкөн аткминер шайлоого дагы абдан катуу аралашты, – деп тызылдады чогулгандардын бири Мырзамат Чыңгараев.
Ал эми нааразычылык акциясынын дагы бир катышуучусу Бегайым Улукбекова ушинтип акыйкатсыз шайлоо дагы улантылса, Нариман Айыл өкмөтүнүн Каратай, Беш-Мойнок, Лангар, Осмон айылдары өзүнчө Айыл Өкмөт болуп бөлүнүшүн Кыргыз бийлигинен талап кылышаарын ачыктады: – Нариман Айыл Өкмөтү Кара-Суудагы эң чоң аймак. Кайрадан шайланган Нодирбек Хасиловдун артында Министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Мурадил Тешебаев өзү турат. Анын, биз билгенден, Каратай айылында гектар-гектар жерлери бар. Мындай адилетсиздик боло берсе, төрт айыл дагы өзүнчө бөлүнүп кетебиз. Акырында башка Айыл Өкмөтүн түзөбүз!
Ал эми жакында гана Нариман айылдык Кеңешинин депутаттыгына шайланган Чыңгыз Мамажунусов Нариман Айыл Өкмөтүнүн башчылыгына талапкер катары 11 добуш алганга үлгүрдү. Ал жаңы шайланган Айыл Өкмөт башчысы коорупциядан куру эместигин ачыктады: – Кыскасы интернеттен Нариман Айыл Өкмөтү деп издеп көрсөңөр, дегеле жакшы маалымат чыкпайт. «Айыл Өкмөт менин жеримди сатып жиберди, дагы башка кылды…» деп какшаган эле жан. Дегеле Нариман Айыл Өкмөтү жакшы жагынан таанылганын уга элекпиз…
Айтмакчы, Нодирбек Хасимов мурунку Айыл Өкмөт башчысы Улукбек Рахманов кызматтан кеткенден кийин — 2019-жылдын июль айында Айыл Өкмөт башчылыгына шайланган. Жогоруда аталган дооматтар боюнча Хасиловдон комментарий алууга мүмкүнчүлүк тапкан жокпуз. Ал өзү дагы байланышка таптакыр чыкпай жатат.
Ал эми Министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Мурадил Тешебаев анын дарегине айтылган фактыларга мындайча жооп кайтарды: – Мен өзүм Нариман Айыл Өкмөтүнөн болом. Азыр шайланган Айыл Өкмөт башчысы мурун дагы шайланган. Эми өзүңүздөр билесиздер, шайлоого эч ким кирише албайт. Мен “Аны кой! Муну тый?” дей албайм. Ушул тапта Айыл Өкмөт башчылылыгына талапкер болгон жигит буга чейин Кеңеш Айыл Өкмөтүндө дагы талапкер болуп, 10 гана добуш алган экен. А бул жакта 11 добуш алыптыр. Менин кандай тиешем бар, ыя?
Баса, Кыргызстанда жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо ушул жылдын 11-апрелинде өткөрүлдү. Нариман Айыл Өкмөтүндө дагы кезектеги шайлоо өтүп, натыйжада бир талапкер мыйзамды орой бузду деп, аны БШК шайлоого катышуудан четтеткен. Ошондон улам Нариман Айыл өкмөт башчысын шайлоо 10-июнга жылдырылган эле.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
17.07.2025 / Автор anarkan_kg АКСЫЛЫК УЛАН АЗИЯ ЧЕМПИОНУ АТАЛДЫ
-
17.07.2025 / Автор anarkan_kg ЭРКИН КҮРӨШ БОЮНЧА АКСЫДАН ЧЫККАН БАЛБАН
-
-
26.12.2024 / Автор anarkan_kg ООРУКАНА ЖАҢЫ МЕДИЦИНАЛЫК АППАРАТТАР МЕНЕН ТОЛУКТАЛДЫ
-
14.01.2025 / Автор anarkan_kg АСКЕР БӨЛҮКТӨРҮНҮН БАШЧЫЛАРЫ БАТКЕНДЕ КЕҢЕШИШТИ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.