Аймак

ТҮРКМӨНСТАНДА ГИМНАЗИЯЛАРДА МЫНДАН АРЫ АКЫ ТӨЛӨНӨТ

ТҮРКМӨНСТАНДА ГИМНАЗИЯЛАРДА МЫНДАН АРЫ АКЫ ТӨЛӨНӨТ

 789 Бардыгы /

Түркмөнстанда атайын мектептер менен гимназиялар акылуу болот. Бул тууралуу Turkmen.news билим берүү жөнүндө жаңы мыйзамга таянуу менен билдирди.

Жаңы мыйзамдын 39-беренесинде каржылоо тууралуу айтылган. Анда билим алуу мамлекеттик бюджет менен катар акы төлөөнүн эсебинен ишке ашары жазылган.

Буга чейин Ашхабадда №21 мектеп биринчи ирет акы төлөнө турган окуу жай катары ачылган. 2020-2021-окуу жылдары ага адистештирилген мектеп деген макам ыйгарылган. Бул мектепте билим алууну баасы 250 манат (71,5 доллар) турат.

2019-жылы Ашхабадда окуучулар президент Гурбангулы Бердымухамедовдун китептерин сатып алууга мажбурланган. Ата-энелерге мындан ары президенттин китеп көргөзмөлөрү дайыма өтүп турары эскертилген.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17