Аймак

ТАЖИКСТАНДЫН КЫРГЫЗСТАНГА АСКЕРДИК КОЛ САЛУУСУ БОЮНЧА ДАТТАНУУНУ ЭЛ АРАЛЫК КЫЛМЫШ СОТУ КАРАМАКЧЫ

ТАЖИКСТАНДЫН КЫРГЫЗСТАНГА АСКЕРДИК КОЛ САЛУУСУ БОЮНЧА ДАТТАНУУНУ ЭЛ АРАЛЫК КЫЛМЫШ СОТУ КАРАМАКЧЫ

 924 Бардыгы /

РИМ. Тажикстандын Кыргызстанга карата аскердик кол салуусу боюнча даттанууну Эл аралык кылмыш соту кабыл алды. Бул жөнүндө  кыргызстандык юрист Сания Токтогазиева шардана кылды.

Айтмакчы, Сания Токтогазиева баш болгон жергиликтүү юристтер, активисттер Рим статусунун 15-беренесинен пайдаланып, Эл аралык кылмыш сотуна кайрылышты. Алар Тажикстандын бийлигине каршы тергөө ишин токтоосуз түрдө баштоону дагы абдан өтүнүштү. Анткени, ушул жылдын 28-30-апрель күндөрү ТажикстанКыргызстандын Баткен облусуна кадимкидей басып кирип, куралдуу кол салып, тынч жаткан элге карата күч жана курал дагы колдонуп, а түгүл жеке үй-жайларды кадимкидей талап-тоношуп, аскердик кылмыш жасашкандыгын баса белгилешет.

Эл аралык уюмдардын арасынан Human Rights Watch уюму ушул жылдын 28-апрелинде Кыргыз-Тажик чек арасында башталган куралдуу кагылышта аскердик оор куралдар колдонулуп, андан карапайым эл гана жапа чегишкендигин ачыктаган.

Ошентип, Кыргыз-Тажик чек арасындагы ушул жылдын 28-29-30-апрелиндеги жана 1-майындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Булардын арасында экөө бала. 180ден ашуун адам ар түрдүү даражада жараланышты. Ал эми Баткен облусунда 136 жеке турак жай талкаланып, анан дагы өрттөлүп, мектеп, бала бакча жана чек ара бекети сыяктуу мекемелер аскердик куралдан аткыланып, кыйраган. 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болушкан.

НООКЕНДЕ БЕНЗОВОЗ ООДАРЫЛЫП, 15 ТОННА СОЛЯРКА ЖОЛДУ ЖАЯ ТӨГҮЛДҮ

ЖАЛАЛ-АБАД. Ноокен районунун Бүргөндү айылында май ташуучу автоунаа капысынан оодарылып кетип, андагы 15 тонна солярка жолго төгүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, Бишкек — Ош унаа жолунун болжол менен 497-чакырымында, тактап айтканда, Ноокен районунун Бүргөндү айылында 35 тонна күйүүчү май ташып келе жаткан бензовоздун айдоочусу рулга ээ боло албай калып, мунун кесепетиенн  автоунаа дароо оодарылып кеткен. Анын ичиндеги күйүүчү майдын 15 тоннасы жолго төгүлгөн. Калган күйүүчү майды ээси башка унаага эптеп куюп алып кеткенге үлгүргөн.

Кырсыктаган жерге коопсуздукту сактоо максатында дароо Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүүчүлөрү тартылган. Бактыга жараша, өрт чыккан эмес. Окуядан жапа чеккендер дагы жок.

ОШКО ОРУСИЯДАН  303 ТОННА ӨСҮМДҮК МАЙЫ АЛЫНЫП КЕЛИНДИ

ОШ. Ош шаарына Орусия Өкмөтүнүн каржылык колдоосу аркасында Бириккен Улуттар Уюму жана Кыргызстан тарабынан биргелешип жүзөгө ашырылып жаткан «Мектеп тамактандыруусун оптималдаштыруу» Программасы менен иштешкен жарандарга өсүмдүк майы алынып келинди.

БУУ жыл сайын Ош облусуна негизинен эки миң тоннадан ашык ун жана май бөлүп турат. Мынча май жана унду ар бир үй-бүлөгө 15 литр май, ошондой эле 150 кило ун кылып сөзсүз таратып беребиз. Жашоо-шарты абдан эле оор абалдагы үй-бүлөлөр БУУнун атайын долбоорлору алкагында иштешкени үчүн 100 доллар өлчөмүндөгү айлык маянанын ордуна май, ошондой эле ун иретинде берилип атат. Баарынан мурда биз муну гуманитардык жардам экен деп түшүнүп албашыбыз кажет! – деп кошумчалады Министерлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн орун басары Акматжан Махаммадов.

Ошентип, өлкөбүз боюнча 365 тонна өсүмдүк майы алынып келинип, мунун арасында 303 тоннасы өлкөбүздөн түштүк жергесине бөлүнүп берилген. 303 тоннанын ичинен 120 тонна май Ош облусундагы турмуш-шарты начарларга гана ажыратылган.

ОШ ОБЛУСУНДАГЫ  ЭҢ МЫКТЫ МЕКТЕПТЕР АНЫКТАЛДЫ

ОШ. Ош облусунда «Жылдын мыкты мектеби – 2021» сынагы өткөрүлүп, ага райондордон эң мыкты деп аталган билим берүү журттарынын баары тең мектептер катышты.

Ош облустук билим берүү институту демилгелеген бул сынак эки баскычта өткөрүлүп, ар бир баскыч үчүн өзүнчө көз карандысыз эксперттик Кеңеш курамы дагы түзүлдү.

Сынакка катышкан мектептер үч багытта жеңүүчү деп табылып, жыйынтыгында «Жылдын мыкты айылдык мектеби – 2021» номинациясы боюнча: баш байгеге Кара-Суу районунун И.Калмурзаев атындагы орто мектеби, 1-орунга Алай районундагы С.Карыев атындагы орто мектеби, 2-орунга Кара-Кулжа районундагы И.Орозалиев атындагы орто мектеби, 3-орунга Өзгөн районундагы П.Жолдошев атындагы орто мектеби татыды.

Ал эми «Мыкты инновациялык мектеп – 2021» номинациясы боюнча: баш байге Кара-Кулжа раойнундагы Ш.Жээнбеков атындагы орто мектебине, 1-орун Кара-Суу районундагы С.Алайчы уулу атындагы орто мектебине, 2-орун Озгөн районундагы К.Раимбеков атындагы орто мектебине ыйгарылды.

Мындан тышкары «Жылдын мыкты шаардык мектеби – 2021» номинациясы боюнча: баш байгеге — Ноокат районунун Көркөм сүрөт интернаты, 2-орун — Өзгөн шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектеби арзыды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17