Аймак

Сейтек КУЛУБАЕВ: “АКИМДЕРДИ РОТАЦИЯЛОО ҮЗҮРҮН БЕРЭЭРИНЕ ИШЕНЕМ!”

Сейтек КУЛУБАЕВ: “АКИМДЕРДИ РОТАЦИЯЛОО ҮЗҮРҮН БЕРЭЭРИНЕ ИШЕНЕМ!”

 3,189 Бардыгы /

Президент Садыр ЖАПАРОВ соңку мезгилде абдан чечкиндүү кадам жасап, бир катар райондордун акимдерин ротациялады – орун которуштурду. Мындай чечкиндүү жышаан Түндүк-Түштүк ажырымына биротоло чекит коюп, кадрлардын катарынан тазалануусуна жана өлкөбүздүн ырааттуу түрдө өнүгүүсүнө гана өбөлгө жаратмакчы. Булардын бири  – Ош облусуна караштуу Араван районунун жаңы акими, эр ортону элүү жаштагы айыл чарба илимдеринин кандидаты Сейтек КУЛУБАЕВди жумуш үстүндө кепке тарттык.

-Сейтек мырза, адегенде жаңы кызматыңыз кут болсун!

-Жаңы деле кызмат эмес! Мурун Нарын облусундагы Ак-Талаа

районунун акими элем. Болгону Ош облусунун Араван районуна гана орун – журт котордум.

-Сиз дегеле Президент Садыр Жапаровдун бүгүнкү кадрларды ырааттуу түрдө ротациялоо саясатына кандайча карайсыз? Дал ушинтип эмдигиче кендирибизди катуу кесип келаткан Түндүк-Түштүк ажырымына чекит коюлаарына деги ишенесизби?

-Дагыле ит адатыбызга салып кырдан кынтык издегенди, анан дагы бөйрөктөн шыйрак чыгарганды койбойлубу, ыя? Жетекчилерди ротациялоо – бүгүнкү күндүн кечиктирилгис талабы. Адам фактору коомубузда чечүүчү ролду аткарып жатканда, дал ушундай чечкиндүү кадамга баруунун өзү – тобокелчилик эмес, накта эрдик! Акимдерди, Министрлер кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу Өкүлдөрүн жер котортуп иштетүү, ириде коррупцияга биротоло бөгөт коет. Тааныш-билишчиликти, жердешчиликти жана ууручулдукту таптакыр токтотот.

Мындан ташкары мамлекеттик жетекчи кызматкерлерди тегиз аттестациялоо – бул мезгил талабы. Бул сынактан ийгиликтүү өткөндөрдү гана Президентибиз Садыр Жапаров өзү жеке кабыл алып, ара чолодо өз ара аңгемелешип, анан дагы ар тараптуу сынап дагы жатпайбы. Азыркы технология өөрчүгөн заманда ушундан өткөн сыноо – экзамен барбы?

-Баса, айып этпеңиз, Сиз мурун-соң Араван жергесин билчү белеңиз? Анткени, “Тоокту сойсо дагы касапчы кескилесин!” дешет эмеспи элибиз. Аймакты өмүрүндө көрбөсөңүз, анда кантип Араванды башкарасыз?  Анан дагы ийгиликтерди жаратасыз?

-Бир канча жылдар бою Айыл чарба жана мелиорация  министрлигинин “Мал чарбачылыгы жана базарды өнүктүрүү” долбоорунун кеңешчиси, жергиликтүү өз алдынча башкаруу Биримдигинде коомдук кеңешчи, Дүйнөлүк Банктын “Жайытттарды жана мал чарбачылыгын жакшыртуу” долбоорунун координатору вазийпасын абийирдүү аркаладым. Ошондой эле 2019-жылдан тартып кайрадан Нарын облусунун Ак-Талаа районунун акими кызматын эч кынтыксыз аткардым. Айтор, башкаруу жана калк менен тыгыз иштешүү органдарында жетишээрлик тажрыйба топтодум десем эч жаңылышпаймын.

-Кыскасы, Аравандагы жумушуңузду эмнеден баштадыңыз?

-Араван районунун бүгүнкү ички мүмкүнчүлүктөрүн жеринде абдан дыкаат жана ар тарабынан терең иликтедим.  Чындыгында, ички дүң продукцияларыбыздын көлөмүн азыркыдан беш бетер көбөйткөнгө дараметибиз  жетиштүү экен. Буга улай айыл чарба продукцияларын кайрадан иштетип, чет өлкөлөргө байма-бай экспорттосок, албетте, мындан деле утчудайбыз. Ошондуктан, бул өңүттө жергиликтүү ишкерлер, бизнесмендер, дыйкандар жана фермерлер менен тыгыз кызматташып жатабыз.

-Айтмакчы, тээ Союз маалында Араван “ак алтыны” менен даңкталчу эмес беле?

-Туптуура! Ошогездеги – тээтигил Советтер Союзунун маалындагы даңкын Араванга кайрадан кайтарам деген менин изги тилегим бар жана аракетим  дагы абдан күч! Районубузда беш пахта заводу бар экен. Булардын экөөсүнүн директору менен бетме-бет сүйлөшүп, пахтаны азыркыдан дагы арбын өндүрүүнү, ошондой эле ак буладан заманбап кездемелерди өндүрүүнү масилеттештик. Аман турсак, бул изги идеябыз жакынкы жылдарда сөзсүз чындыкка айланат!

-А Аравандагы цемент заводдору кантет?

-Араван жергесинде эки ири цемент  заводу жайланышкан. Буларды бара-бара кеңейтүү, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн азыркыдан беш бетер жогорулатуу үстүндө ушул тапта абдан катуу иштеп жатабыз.

-Канеткен күндө дагы кадрлар баарын чечет эмеспи. Араван  райондук акимчилигиндеги  эт менен челдин ортосунда эптеп күн өткөрүп жүрүшкөн ортосаар кадрлардан качан арыласыз?

-Мунун үстүндө мен эмес, дал ошондойлор  – ортосаар кызматкерлер өздөрү ойлонушсун! Менин табиятым ушундай, эт менен челдин ортосунда эптеп-септеп жүргөндөр менин саарлашым жана санаалашым эмес! Бирин дагы куугунтуктабаймын! Бирок, алар бул жердеги жумушу менен өздөрү эле кош айтышкыдай кыламын!

-Айтылуу Төө-Моюн анклавы дагыле көңүл сыртында калып кеткендей?

-Жо-жок! Аравандагы Төө-Моюн анклавына Сиз келээрден мурда эле сапарлап, жергиликтүү калктын муң-зарын ыраса тыңдап кайткамын.  Булар эң башкысы ушул тапта сугат сууга өтө зар! Муну Ноокат районундагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгынын жетекчилиги менен жолугушуп, акырында биржаңсыл чечтим. Мындан ары Төө-Моюнда пахтага, эгин-тегинге, жүгөрүгө, гиласка, алма бактарына жана элдин мал-калина жетиштүү суулар үзгүлтүксүз гана берилип турат.

-Сейтек мырза, биздин билишибизче, Сиз акыркы жылдарда аткаруу бийлигин абийирдүү аркалап келатасыз. Район акимдеринин жана Министрлер кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу Өкүлдөрүнүн дайындалышына жеке позицияңыз кандай?  Анан дагы Жогорку Кеңеш депутаттарынын аймактардан шайланышын кубаттайсызбы?

-Күчүнө кирген Баш мыйзамыбызга ылайык мындан ары Кыргызстанда облустардын жана райондордун жетекчилери Президент тарабынан дайындалат. Бул, биринчиден,  жоопкерчиликти гана күчөтөт. Экинчиден, сурагы дагы абдан катуу болот. Үчүнчүдөн, район-шаарларга жана облустарга кесипкөй гана жетечилердин келишин гана шарттамакчы.

Ал эми Жогорку Кеңешке депутаттардын бир бөлүгүнүн аймактардан келиши сөзсүз шарт! Мындан тышкары партиялык квота дагы кендирибизди кескен коррупцияга жана трайбализмге акыры чекит коет.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17