Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,828 Бардыгы / Дүйнөнүн 50гө жакын өлкөсү менен Европа биримдиги (ЕБ) биргелешкен билдирүүгө кол коюп, талибдерди Ооганстандан чыгып кетүүнү каалаган бардык адамдардын коопсуздугун камсыздап берүүгө чакырышты. “Жолдор, аэропорттор жана чек аралар ачык бойдон калып, тынчтык сакталышы керек. Ооган эли коопсуз жана татыктуу жашоого акылуу. Эл аралык коомчулуктун мүчөлөрү болсо аларга мындай шартты түзүп берүү үчүн көмөк […]
1,829 Бардыгы / Дүйнөнүн 50гө жакын өлкөсү менен Европа биримдиги (ЕБ) биргелешкен билдирүүгө кол коюп, талибдерди Ооганстандан чыгып кетүүнү каалаган бардык адамдардын коопсуздугун камсыздап берүүгө чакырышты. “Жолдор, аэропорттор жана чек аралар ачык бойдон калып, тынчтык сакталышы керек. Ооган эли коопсуз жана татыктуу жашоого акылуу. Эл аралык коомчулуктун мүчөлөрү болсо аларга мындай шартты түзүп берүү үчүн көмөк […]
70 ӨЛКӨ “ТАЛИБАНДЫ” БАРДЫК КААЛООЧУЛАРДЫН ООГАНСТАНДАН ЧЫГЫП КЕТИШИНЕ УРУКСАТ БЕРҮҮГӨ ЧАКЫРДЫ
16.08.2021 / Автор aymak

1,830 Бардыгы /
Дүйнөнүн 50гө жакын өлкөсү менен Европа биримдиги (ЕБ) биргелешкен билдирүүгө кол коюп, талибдерди Ооганстандан чыгып кетүүнү каалаган бардык адамдардын коопсуздугун камсыздап берүүгө чакырышты.
“Жолдор, аэропорттор жана чек аралар ачык бойдон калып, тынчтык сакталышы керек. Ооган эли коопсуз жана татыктуу жашоого акылуу. Эл аралык коомчулуктун мүчөлөрү болсо аларга мындай шартты түзүп берүү үчүн көмөк көрсөтүүгө даяр”, — деп жазылган АКШнын Мамлекеттик департаменти тараткан билдирүүдө.
Жекшемби күнү талибдер Ооганстандын баш калаасы — Кабул шаарына кирип, президенттик сарайды ээлеген. Өлкөнүн президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткен.
Кабулда коменданттык саат киргизилген. Батыш өлкөлөрүнүн Ооганстандан чыгып кете элек контингенти коопсуздугун камсыздап жаткан аэропорт дипломаттардын убактылуу жайгашуу жайына айланган. Учурда ал жакта АКШнын, Франциянын жана Германиянын дипломатиялык кызматкерлери бар. Мындан тышкары анда Ооганстандан чыгып кетүүгө аракет кылган миңдеген киши турат. Жекшембидеги ок атуулардан кийин коммерциялык каттамдар токтогон.
Пентагон америкалык жарандарды жана АКШ өкмөтү менен кызматташкан адамдарды эвакуациялоого жардам берүү үчүн аэропорттун аймагындагы аскерлеринин санын 6 миңге чейин көбөйтө турганын билдирди.
Орусиянын Кабулдагы элчилиги ишин улантарын, эч ким эвакуацияланбай турганын кабарлады. Борбор Азия өлкөлөрүнүн Ооганстандагы элчиликтери да ишин улантууда.
“Талибан” кыймылынын өкүлү “Аль-Жазира” телеканалына маек куруп, Ооганстандагы согуш аяктаганын, өлкөдөгү башкаруу формасы жакынкы убакта аныкталарын айтты.
“Талибандын” саясий бюросунун расмий өкүлү Мухаммад Наим алардын өлкөдөгү бир да дипломатиялык миссияга кол салуу ниети жок экенин билдирди. Анын айтымында, талибдер Ооганстандагы чет өлкөлүк жарандардын жана элчиликтердин коопсуздугун кепилдейт жана өлкөдөгү бардык саясий фигуралар менен сүйлөшүүгө даяр. Ал ошондой эле “Талибан” өлкөдөгү аялдар менен азчылыктардын укуктарын сыйлай турганын, бирок ал шариаттын алкагында гана болорун кошумчалаган.
WWW.
Автор aymak
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
01.10.2026 / Автор anarkan_kg СУЗАК РАЙОНУНДАГЫ КАРЫЛАР ҮЙҮНҮН ЖАШООЧУЛАРЫНАН КАБАР АЛЫНДЫ
-
-
01.10.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
-
15.10.2025 / Автор anarkan_kg ЭАУда 1-КУРСТАРГА СТУДЕНТ НААМЫН ЫЙГАРУУ САЛТАНАТЫ ӨТТҮ
-
13.11.2025 / Автор anarkan_kg ШААРДАГЫ №14 ОТКАНА ПРОПАН МЕНЕН ИШТӨӨГӨ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
31.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ АР БИР ҮЙГӨ ЖАКШЫЛЫК АЛЫП КЕЛСИН!
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.