Аймак

Розакан ШАМАЕВА: “НАЙМАН КАЙРАДАН ЗАМАНБАП ШААРЧАГА АЙЛАНДЫРЫЛАТ!”

Розакан ШАМАЕВА: “НАЙМАН КАЙРАДАН ЗАМАНБАП ШААРЧАГА АЙЛАНДЫРЫЛАТ!”

 1,125 Бардыгы /

Кыргызстандын тарыхында мындай дегеле болгон эмес! 43 жаштагы Розакан ШАМАЕВА ушуну менен үчүнчү ирет Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Найман Айыл Өкмөтүнүн (биргездеги Найман шаарчасынын) башчылыгына кайрадан шайланып олтурат. Мунун сырын-себебин аткаминер айымдын өзүнөн сураштырганча, маектешимдин болочок план-максаттарын дагы билгенге үлгүрдүм.

  •  Розакан айым, биздин билишибзче, Сиздин адепки кесибиңиз –

мугалим. Анан кантип кыйын заманда Уркуя Салиеванын урпагы башкармалыкты – менеджерликти тандап, ошо тейде алдыга кеттиңиз?

  • Жаңылбай баамдапсыз. Өзүм Ош мамлекеттик университетинин химия

жана биология мугалими адистигин эле бүтүргөмүн. Агартуу майданында дээрлик он беш жыл бою үзгүлтүксүз эмгектендим.

          Ушундан соң мага байкоо салышкан жетекчилерибиз мени Найман Айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчылыгына чакырышты. Бир саам дагы ойлонгон жокмун. Бактымды жана дараметимди бийликте деле сынап көрүүнү туура таптым. Бул жерде эки жарым жылдай таза иштедим. Анан мени Найман Айыл Өкмөтүнүн башчылыгына шайлашты. Эми моминтип Найман Айылык Кеңешинин жаңы депутаттары дагы мага чоң ишеним артышып, үчүнчү мөөнөткө мен үчүн добуштарын ташташты. Баарына тең чоооң ыракмат! Бул ишеничти мени ишим менен актоого аракет кыламын.

  • Демек, мурун деле жаман иштебепсиз да?
  • Ооба. Өзүм дагы Найман Айылдык Кеңешинин депутаттарынын бул

жолку үмүтүн дагы актап, камчы салдырбастан гана иштеп келатамын. Кыйын күндөрдө жумушумду дароо таштап, баарына кайыл болуп, кол шилтеп басып дагы кеткен жокмун!

  • Тээтигил Союз маалында Найман абдан эле дүркүрөгөн шаарча

эмес беле?

  • Ананчы! Тээ Совет доорунда Найман шаарчасында сымап кени байма-

бай  өндүрүлчү. А түгүл кенчилердин шаарчасы аталып, Өкмөт камкордугу дагы абдан күч эле. Заңгыраган завод, асман тиреген көп кабаттуу үйлөр ошолгездеги Найман шаарчасынын (поселок городского типа) тим эле ажарын ачып турчу…

  • Карасаңыз? Ошол шаарчанын азыр бири дагы жок го…
  • Аттиң… Бармак тиштегенибиз менен не пайда?!? Жогорку Кеңештин

мурунку депутаты Тажиниса Абдурасулова менен биргеликте туруктуу донор издештирип жатабыз. Коңшубуз Кадамжай сымап комбинатына инестор табышып, аны кайрадан толук кандуу жумушка түшүрүшпөдүбү.

Найман сымап заводун деле Кыргыз Өкмөтү дал ушинтип сактап калат ко деген бекем ишеничтемин! Ошондо өндүрүшүбүз кайрадан жандандырылса, мындан, албетте, бааарыбыз тең эле утабыз!

  • Канетсе дагы, үмүт акырында өлөт эмеспи?…
  • Албетте. Жогоруда айтпадымбы. Найманда сымаптын көп жылдык

кору дагыле бар. Демек, биргездеги ишканабызды толук кандуу кайрадан калыбына келтирип, ага кесипкөй жана жергиликтүү тургундарды катарынан тартсак, жакын арада экономикабыз өтө өнүккөн жаңы шаарчага айланабыз деген терең ишеничим дагыле бар. Кыскасы, Кыргыз Өкмөтү деле бул өңүттө Ата Мекендик инвестор табууга бизге көмөктөшөөрүнө көзүм деле жетип турат.

  • Розакан айым, демек, Найман Айыл Өкмөтү кайрадан шаарчага

айланат деңизчи?

  • Сөзсүз! Ар тараптуу аракетибиздин акыбети жакын арада эле кайтып,

өндүрүшүбүз оожалса, Найманды тааныбай калчу күн деле алыс эмес!

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

          Ноокат районундагы Найман Айыл Өкмөтү эки гана айылдан куралган. Аймакта 2500 калк жашайт. Эки айылды негизинен кыргыздар, өзбектер, татарлар жана орустар байырлашат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ноокат району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17