Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
1,879 Бардыгы / 1991-жылдын 31-августу. Бул күндү жыл сайын зор кубаныч менен белгилейбиз. Калпакты кайкалата кийип, башты өйдө көтөрүп, көкүрөктү керип, көтөрүңкү дем менен басабыз. Себеби бул күн кыргыз элине, кыргызстандыктарга гана тиешелүү, канынан бүткөн баласындай аздектеген жападан жалгыз улуттук майрам. Ушул күнү легендарлуу деп аталып калган кыргыз парламенти тарыхый зор кадамга барды. Кыргыз Республикасы көз […]
1,880 Бардыгы / 1991-жылдын 31-августу. Бул күндү жыл сайын зор кубаныч менен белгилейбиз. Калпакты кайкалата кийип, башты өйдө көтөрүп, көкүрөктү керип, көтөрүңкү дем менен басабыз. Себеби бул күн кыргыз элине, кыргызстандыктарга гана тиешелүү, канынан бүткөн баласындай аздектеген жападан жалгыз улуттук майрам. Ушул күнү легендарлуу деп аталып калган кыргыз парламенти тарыхый зор кадамга барды. Кыргыз Республикасы көз […]
ЭГЕМЕНДҮҮ ӨЛКӨНҮН АТУУЛУ БОЛУУ – ЗОР БАКЫТ
17.08.2021 / Автор anarkan_kg

1,881 Бардыгы /
1991-жылдын 31-августу. Бул күндү жыл сайын зор кубаныч менен белгилейбиз. Калпакты кайкалата кийип, башты өйдө көтөрүп, көкүрөктү керип, көтөрүңкү дем менен басабыз. Себеби бул күн кыргыз элине, кыргызстандыктарга гана тиешелүү, канынан бүткөн баласындай аздектеген жападан жалгыз улуттук майрам.
Ушул күнү легендарлуу деп аталып калган кыргыз парламенти тарыхый зор кадамга барды. Кыргыз Республикасы көз каранды эмес суверендүү мамлекет деп бүт дүйнөгө жар салды. Ошол эле декабрь айында Россия, Украина, Белоруссия союздан чыккандыгын билдиришти. Дүйнөдөгү элинин бири болуп турган зор держава СССР жашоосун токтотуп, он беш республика ар бири өзүнчө түтүн булата баштады. Айрымдар үчүн эгемендүүлүк даяр тарелкада алдыбызга тагдыр шыбагасы катары тартылды деп жүрүшөт. Артка кылчайып карасак бул күнгө жетиш үчүн кыргыз атын кылымдар бою өчүрбөй сактап келген ата-бабаларыбыздын төгүлгөн каны, бешене тери бекер кетпептир. Эгерде союздук республика болбогонубузда Россиянын курамында кала бермекпиз, анда эгемендүүлүк жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес эле. Андыктан 1936-жылы Кыргызстандын союздук республика болуп кабыл алынышына жетишкен ошол кездеги мамлекеттик ишмерлерге, жалпы кыргыз элине милдеттүүбүз. Убагында кирпич цехинин морусуна сөөктөрү ыргытылып, Кыргызстан эгемендүү деп жарыяланган тушта сөөктөрү Ата-Бейитке ардак менен коюлгандарга милдеттүүбүз.
Кыргыз элинин эгемендүүлүккө карай басып өткөн баатырдык жолун терең билсек гана биз эгемендүүлүккө жөн эле жетишип калбаганыбызды билебиз. Эгемендүүлүктүн 30 жылы элибизди зор сыноолордон өткөрүп жатат. Ак, карасы аралаш иштер жүз берип, кас-кас баскан баладай калтаңдаган учурлар өттү. Кудайга шүгүр, бүгүн өлкөбүз бутуна бекем туруп, келечекке ишенимдүү кадам таштоодо. Өлкөбүз БУУнун тең укуктуу мүчөсү, көптөгөн эл аралык абройлуу уюмдарга мүчө, көптөгөн өлкөлөр менен дипломатиялык байланышы бар. Чет өлкөлөрдө кыргыз паспортун көрсөтүп, эгемен өлкөнүн атуулу катары уул-кыздарыбыз жүрүшөт. Дүйнөлүк маанилүү иш -чараларга үзбөй катышып турабыз, бул да зор сыймык.
Бүгүн майрам учурунда кечээки доорду да эскере кетпесек мендей карылар үчүн калыстык болбос. Өзүнчө чек арасы бар, мамлекеттик түзүлүшкө ээ болгон республика болуп түзүлүп борборубуз, өнүккөн шаарларыбыз, шаардан калышпаган айыл кыштактарыбыз курулуп, эл чарбасы өсүп, илим-билим өнүгүп, заманга шайкеш кадам шилтеген республика болуп турдук. Кыргызстанды бардык тарабынан көтөргөн ошол кездеги жетекчилерибизге, эмгекчи элибизге да милдеттүүбүз. Аларга да урматыбыз дайыма өз жайында болсун.
Эгемендүүлүктүн отуз жылдык майрамы менен бүткүл кыргызстандыктарды жана “Аймак” редакциясын чын жүрөктөн куттуктаймын. Кыргызстандык ар бир атуулга узун өмүр, бакыт таалай каалаймын. Эгемендүү өлкөнүн атуулу болуу – зор сыймык экени ар дайым жүрөктө болсун. Кыргызстаныбыз түбөлүккө бар болсун!
Амангелди ТӨРӨКАНОВ, Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Аксакалдар кеңешинин төрагасы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
-
17.04.2025 / Автор anarkan_kg ЖОЛ САКЧЫЛАРЫНЫН АРДАГЕРЛЕРИ АЙДООЧУЛАРГА ЖОЛ ЭРЕЖЕЛЕРИН ЭСКЕРТИШТИ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.