Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
1,771 Бардыгы / Коронавирус пандемиясы Кыргызстандын эле эмес, биримдиктин башка өлкөлөрүнүн да макроэкономикалык келечегин алсыратты. Экономикалык өсүштүн жана өз ара соода ыргагынын басаңдашына алып келди. Биз өлкө экономикасынын пандемияга чейинки деңгээлине 2023-жылы келет деп божомолдоп жатабыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта Чолпон-Ата шаарында Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) мүчө-өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушканда билдирди. Мамлекет […]
1,772 Бардыгы / Коронавирус пандемиясы Кыргызстандын эле эмес, биримдиктин башка өлкөлөрүнүн да макроэкономикалык келечегин алсыратты. Экономикалык өсүштүн жана өз ара соода ыргагынын басаңдашына алып келди. Биз өлкө экономикасынын пандемияга чейинки деңгээлине 2023-жылы келет деп божомолдоп жатабыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта Чолпон-Ата шаарында Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) мүчө-өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушканда билдирди. Мамлекет […]
ЖАПАРОВ: ӨЛКӨ ЭКОНОМИКАСЫ ПАНДЕМИЯГА ЧЕЙИНКИ ДЕҢГЭЭЛИНЕ 2023-ЖЫЛЫ КЕЛЕТ
20.08.2021 / Автор aymak

1,773 Бардыгы /
Коронавирус пандемиясы Кыргызстандын эле эмес, биримдиктин башка өлкөлөрүнүн да макроэкономикалык келечегин алсыратты. Экономикалык өсүштүн жана өз ара соода ыргагынын басаңдашына алып келди. Биз өлкө экономикасынын пандемияга чейинки деңгээлине 2023-жылы келет деп божомолдоп жатабыз.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта Чолпон-Ата шаарында Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) мүчө-өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушканда билдирди.
Мамлекет башчы акыркы эки жылда уюмга мүчө өлкөлөрдүн экономикасына коронавирус пандемиясы терс таасирин тийгизгенин билдирип, биримдик алкагындагы соода алакасы мурдагы калыбына кийинки жылы түшөт деген үмүтү бар экенин кошумчалады.
Садыр Жапаров коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн таасирлүү багыттардын бири катары учурдагы өнүктүрүү институттары менен бирге ЕАЭБ өлкөлөрүндө вакцина өндүрүүнү каржылоо мүмкүндүгүн карап чыгууну сунуштады.
Мамлекет башчысы мындан тышкары биримдик алкагында жалпы рынокту түзүүгө жана евразиялык интеграцияны тереңдетүүгө багытталган максаттар ишке ашканын белгиледи. Алардын ичинде пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу, “Чек арасыз жумуш” жана “COVID жок саякат” долбоорлорун ишке киргизүү жана “ЕАЭБдин 2025-жылга чейинки өндүрүштүк саясатынын негизги багыттары” документин атады.
Мамлекет башчы Жапаров ЕАЭБдин бүгүнкү жыйыны уюм алкагындагы кызматташтыктын өнүгүшүнө, натыйжалуу иштешине салым кошот деген ишеничин билдирди.
Жыйынга келген өкмөт башчылары Биримдик алкагында интеграциялык процесстерди өнүктүрүү үчүн өз ара кызматташууну күчөтүүгө, соода-экономикалык алаканы чыңдоого жана башка маселелер боюнча кызматташууну улантууга даяр экендигин билдиришти.
Президент Садыр Жапаров менен жолугушууга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларус өкмөт башчысы Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана ошондой эле ЕАЭБде байкоочу макамы менен катышып жаткан Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Евразиялык экономикалык комиссия коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышты.
WWW.
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
18.04.2025 / Автор anarkan_kg МЫЙЗАМСЫЗ ЖЕР БЕРҮҮ ФАКТЫЛАРЫ БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ
-
-
12.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ПРЕЗИДЕНТ ИШ САПАРЫ МЕНЕН ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНА БАРАТ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.