Аймак

ЭГЕМЕНДИККЕ 30 ЖЫЛ

ЭГЕМЕНДИККЕ 30 ЖЫЛ

 6,393 Бардыгы /

Жакында бул майрам. Бирок өзүбүзчө эгемен мамлекетпиз дегени менен жалпы эл бир ууч саясатчыга көз каранды болуп аддыга жыла албай келебиз. Башында баары опол тоодой убадаларды бернени менен бирин аткара албай максатына жетип элди унутуп калат. А биз болсо ошо көз карандылыгыбыздан чыга албай өзүбүзгө жаккан саясатчыны көтөрө мактап, жакпаганын тепкилеп, ушак айыңдар менен алекпиз. А саясатчылар “Көрө албагандар айта берет” деген принцип менен өз каалаганын жасап келет. Элдин ишеними же үмүтү менен эч кимдин иши жоктой. 2020- жылы бийлик алмашты. Эмне деген гана убадалар берилбеди. Канчасы аткарылды , канчасы аткарылбады баарыбызга белгилүү. А бийликке сын айткандарды туура келсе да келбесе да тепкилеп жатып калган “Дакансачыларды” туура түшүнсө болот. Мамлекет оңолот деп кылган үмүттөрүн үзгүсү келбейт. Апасын сагынган балага ” эртен келбей калды” десе жок келет деп ишенгиси келбей ыйлагандай эле да.

Бирок акыркы болуп жаткан окуяларга көз чаптырсак алдыбыз караңгы, жолубуз тумандай сезилет.

Мындай салыштырганда Саясат таануу сабагына дене тарбия мугалими кирип көчөдөгү көргөн окуяларын же өз кыялдарын айтып жаткандай эле болуп жатат.

Бирок баса белгилеп айта турган нерселер бар. Иштин башталышында Муфтияттын кызмат ордуна аралашканы орчундуу маселе. Себеби анын кызматы эмес жасаган иштерине кылдат маани бериш керек. Муфтияттын же динге болгон мамлекеттин мамилесинен улам Соц.тармактарда майда диний агымдар өз ойлорун ачык жаза баштады. Бул өтө коркунучтуу. Жаныбызда Талибандар. Ички бөлүнүү пайда болсо бириктирүү өтө кыйын.

Андан сырткары түндүк түштүк маселеси. Бул дагы билинбегени менен ачык бөлүнүүлөр пайда боло баштады. Менин айтаарым качан ызы- чуу болуп уруш чыккыча күтүш керекпи. Анан БИЗ ИШТЕП АТАБЫЗ. ЫЗЫ-ЧУУНУ бастык деш керекпи. Ооруну дарылаганга караганда алдын алуу жеңил экенин белгилүү да.

Акыркы күндөрү чыккан видеороликтери , “Асман” шаарын курабыз дегени же качан өзү жөнүндө сөз болсо чыга калып түз эфирде интервю бергени, көрө албастар иштетпей жатат дегендери дагы деле депутаттыкка талапкер катары үгүт иштерин жүргүзгөн сыяктуу. Мамлекетти башкарып жатканы же Кыргыз мамлекетинин тагдыры колунда экенин унутуп калганбы. Убакыт берели денени менен бир жылга жакындап атат. Айтарлык өзгөрүү жок. Футбол оюнунда топту дарбазага тептиби же талаа сыртына тептиби барибир топту тепти дегендер мамлекетти ойлойсуңарбы. Мигранттардын үнү элге эрте жетишин билип шайлоого жакын жүгүрүп келишет. А бирок мигранттардын жашоосунда жүрөк үшүн алган окуялар болуп жатат. Бийлик тарабынан бир дагы көңүл бурулбайт. Бир туура эмес жолдо жүргөн кыз үчүн 60-70 адам депортацияланды. Чырактай жаш кыздар алданышып көчөгө балдарын таштар жатат. Эне-бала деген мамлекеттик деңгээлде маселе көтөрүлбөйбү.

Элдин жашоосу күндөн күнгө оорлошууда. Кымбатчылык. Дүйнө ушундай деп карап отура беребизби. Ал эми илим-билим маселесинде ойлонууга али эртелик кылат. Төрт саясатчыны камоо менен эле алек болуп жаткандай. Албетте жашоо токтоп калбайт экен. Күнүмдүк жашообузду өткөрүп жатабыз. Бирок биз бараткан багыт кайда алып барат деген суроонун жообу жок. Кесе эле айтайын экөө биригип мамлекетти башкарып жаткандай. Мамлекеттик идеология жок. Дипломатиялык тил, билим жок. ” Тилиңи жулуп алам” “Кустурабыз” деген сөздөр кимдин сөзү. Тили менен ушул даражага жетишти го. Тилинен башка эмне иш жасашты. Отуз жыл эмне кылып жүрдүң дейбиз. Экөө тең мамлекеттик кызматтардын бир бурчун тартып жүрдү го.

Кетсин деген эч ким жок. Бирок жок дегенде жанына күчтүү, билимдүү кадрларды алып келиш керек го. Ким кыйкырып чыкса эле кызматка коё бербей. Болгону эки шаарыбыз бар. Мэр шайлай албай ушу күнгө чейин убара. Бул деген кадр маселеси такыр чечилбегендик. Элдин бийликти жактап жатканы колдогондугу эмес. Үмүттөрүн үзгүсү келбегендер.

Көпчүлүгүңөр талайсыңар. Өз оюңарды айтасыңар. Түшүнөм.

Сталбек КАРАСАРТОВ

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17