Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА

ПРОКУРАТУРА КЫЛЫЧБЕК САРКАРБАЕВДИН АКТАЛЫШЫНА КАРШЫЛЫГЫН ЖАР САЛДЫ

ПРОКУРАТУРА КЫЛЫЧБЕК САРКАРБАЕВДИН АКТАЛЫШЫНА КАРШЫЛЫГЫН ЖАР САЛДЫ

 21 Бардыгы /

 ОШ. Ош облустук прокуратурасы Ош шаардык спорт комитетинин мурунку төрагасы Кылычбек Саркарбаевдин акталышына байланыштуу апелляциялык арыз менен Ош облустук сотуна кайрылды.

Ош облустук соттун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, адвокат Назгүл Сүйүнбаева Кылычбек Саркарбаев “Документ жасалмалоо” иши боюнча акталгандыгын, а түгүл 2020-жылдын февралындагы Ошто болгон атышуу чырына дагы катыштыгы жок деп табылгандыгын ачыктаган. Мындай чечимди Ош шаардык соту ушул жылдын 11-августунда угузган. Аталган жаран Ош шаардык спорт комитетин жетектеп турганда “Кызмат абалынан кыянат пайдаланганы” боюнча иши дагы “Кылмыш белгилери табылбагандыктан” кыскартылган.

Бирок, 2020-жылдын 17-декабрында атайын кызмат Кылычбек Саркарбаевди аты-жөнүн жасалма документ аркылуу өзгөрткөн деген шек менен кармаган. Бир айдан кийин ага дагы бир кылмыш иши ачылып, Ош шаардык спорт комитетинин каржылык-чарбалык ишине зыян келтирген деп, Жазык кодексинин 320-беренеси (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) менен дагы териштирүү башталган. Буга улай Саркарбаев мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн миллион сом төлөп бергени расмий кабарланып, 16-январда шаардык сот аны үй камагына чыгарган эле.

Баса, 33 жаштагы Кылычбек Саркарбаев – эрежесиз мушташтын чебери. Анын аты 2020-жылдын февралында Оштогу ок атышуу чырында дагы аталып, иликтөө жүрүп жаткан. Ага каршы кылмыш иштери ачылгандан кийин гана ал Ош шаардык спорт комитетинин төрагалыгынан бошотулган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17