Аймак

ОШ АЙМАКТЫК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ТАРАТЫЛДЫ. ЭМИ МУРУНКУ МҮЧӨЛӨР АРГАСЫЗДАН СОТКО КАЙРЫЛАТ

ОШ АЙМАКТЫК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ТАРАТЫЛДЫ. ЭМИ МУРУНКУ МҮЧӨЛӨР АРГАСЫЗДАН СОТКО КАЙРЫЛАТ

 1,314 Бардыгы /

ОШ. Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын (АШКнын) мурунку мүчөлөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын Ош шаардык АШКнын мурунку курамын таркатуу боюнча токтомун жокко чыгаруу үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна кайрылат. Бул жөнүндө Ош шаардык АШКнын мурунку айрым мүчөлөрү жар салышты.

Алардын айтымында, Ош шаардык АШКнын мурунку төрагасы Урмат Аттокуровдун дагы жоопкерчилиги сөзсүз түрдө каралышы кажет! Анткени, аталган шайлоо комиссиянын мурунку мүчөлөрү мыйзамсыз иш жасашкан эмес.

Комиссиянын мурунку мүчөсү Азамат Эркинов буларды айтып тызылдады: – Ош шаардык АШКсы ушул жылдын 11-июлундагы шайлоодон кийин Ош шаардык Кеңешинин депутаттыгына талапкердин иниси Кожоакбар Исмаиловго айып пул салганбыз. Тилекке каршы, эмнегедир кийин ошол жаранга эскертүү берүү боюнча чечим тиркелип калыптыр. Төрага Урмат Аттокуровдон сураганбыз, ал аталган кагазды ортосунан жыртып туруп, чыгып кеткен. Биз негизсиз чечимдерди кабыл алган эмеспиз. Ошентип бир адамдын айынан минтип таркатылып отурабыз. Андыктан, биз БШКнын токтомун жокко чыгаруу үчүн Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотуна сөзсүз кайрылабыз!

Ал эми Ош шаардык АШКсынын дагы бир мүчөсү Тынчтыкбек Жумабаев: – БШК мурунку төраганын ишин текшерип, иликтөө иштерин жүргүзбөй эле талапкерлердин массалык түрдө партиядан чыгуусу боюнча деген жүйөө менен бизди таркатып салды. “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын талапкерлери боюнча айта турган болсок, ал чечимди биз чыгарганбыз. Алардын өздөрүнүн арызынын негизинде гана чечим чыгарганбыз. Алар айымдарды тизмеден атайлап чыгарышканбы, же мажбурлап арыз жаздырыштыбы, муну аныктоо биздин ыйгарым укуктарыбызга кирбейт! Аны укук коргоо органдары дыкаат териштиргени оң! – деп агынан жарылды.

АШКнын мурунку төрагасы Урмат Аттокуров жогоруда айтылган сөздөргө таптакыр кошулбай тургандыгын билдирди: – Ош шаардык АШКсы таратылганданкийин анын мүчөлөрү эми баарын тең мага төңкөрүп жатышат. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес! Булар эми менин айыман таркап жатабыз деп карандай калпты ышкыртып жатышат. БШК бизди “Аял депутаттарды массалык тизмеден чыгарып жатышат” деген жүйөө менен таратты. Булар анан мүчөлүктөн кимди чыгарышты билбей, мага гана ишенбөөчүлүк билдирип жатышат. Мен маселени жалгыз чече албайм!

Буга дейре ушул жылдын 9-сентябрында БШК Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясын таратып, «Биздин Кыргызстан» жана «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан аял талапкерлерди жана айрым аял депутаттарды массалык түрдө чыгаруу боюнча чечимин жокко чыгарган. Ал эми БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаровдун айтымында, Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынан «Биздин Кыргызстан» партиясынан 38 аял талапкерди, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан 39 талапкерди (31и аял киши) чыгаруу тууралуу чечим келип түшкөн. Ошондой эле аталган эки партиянын Ош шаардык кеңешиндеги 6 депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу тууралуу чечими келген. Алардын бешөө аял кишилер. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын чечими 23-августка чейин БШКга бекитүү үчүн түшкөн эмес.

  • Партиялардын тизмесинин көп аял талапкерлердин чыгуусу күмөн

жаратты. “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын жетекчилиги тарабынан аялдарга басым жасалган фактылар дагы аныкталды. Муну аял талапкерлердин бири өзү тастыктады. Ошондой эле Ош шаардык Кеңешинин депутаты Турсунбаевадан ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арыз жазбаганын билдирген кат дагы келди, – деди БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров.

Ошондуктан, ушундай мыйзамсыздык жоруктарга байланыштуу БШК Ош аймактык шайлоо комиссиясынан түшкөн бардык чечимдерди 23-августта биротоло жокко чыгарды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17