Аймак

Жаңыбай АСРАНОВ: “КАЛМУРАТТЫН ЫР ДҮЙНӨСҮ – КЕРЕМЕТ!”

Жаңыбай АСРАНОВ: “КАЛМУРАТТЫН ЫР ДҮЙНӨСҮ – КЕРЕМЕТ!”

 3,081 Бардыгы /

Өлгөндөр даңкталмайын,

Тирүүлөр баркталбайт!

Мукагали МУКАТАЕВ,

Казак акыны.

Өмүргө адам бир келет,

Өмүргө адам бир белек.

Өмүрдүн таттуу күндөрүн,

Өткөрсөк эмне биргелеп…

Калмурат РЫСКУЛОВ

          Жаңыбай АСРАНОВ биргездеги Фрунзе политехникалык институтун (азыркы КГУСТАны) бүтүргөн. Негизги кесиби – куруучу-прораб. Соңку кезде мамлекеттик жана коомдук ишмер бул жумушун дагы таштап, жеке ишкерликке бекем ыктап, а түгүл Кыргыздын залкарларынын өмүр таржымалын кенен-чонон иликтеп, алар жөнүндө китептерди чыгарганга белсене киришкен чагы.

-Жаңыбай мырза, деги сак-саламатсызбы? Өзүңүз куруучулук жогорку билимге ээ болгонуңуз менен бул тармакта бир дагы күн иштебепсиз го?

-Алишер үкам, терең жаңылышасың. Аталган жогорку окуу жайын биз бүтүргөн кезибизде улуу империя – Советтер Союзу биротоло урап, там-туң баскан Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн алгачкы жылдары босогобузду аттабадыбы. Жапжаш өлкөбүз улуу СССРдин  курамынан боштондукка чыкканы менен биздин экономикабыз анчалык жайында эмес эле.

Ошого карабастан азыркыга дейре Ош шаарынын ажатын ачкан жана дагыле көрккө бөлөгөн “Магнат”, “Мээрим”, “Оомат” ресторандарын жана “Этас” кафесин заманбап дизайн менен мен курдургамын, эй! Ушундан кийин деле Ош калаасынын тургундарынын турак жай маселесин чекесинен жайгаруу максатында шаарыбызда көп кабаттуу үйлөрдү куруп, далай замандаштарыбызды социалдык көйгөлөрдөн арылтып, куп гана сообуна калдым.

Биз билгенден ара чолодо аткаруу бийлигинде дагы күжүлдөп

иштеп жүрбөдүңүзбү?

-Ооба. Ош облусунун Кара-Кулжа жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондорун көп жылдар бою үлгүлүү гана жетектедим. Ошентип, аталган аймактардын экономикасынын бара-бара оожалышына дагы алгылыктуу салымымды коштум. Эң башкысы: артымдан бир дагы жаман сөз ээрчитпедим. Мактангандык эмес, бирок, айтып коюуга тийишмин:  Кара-Кулжа жана Базар-Коргон эли мени азыркыга дейре жылуу эскеришкен өзгөрүүлөрдү гана жасагамын. Баарына тең саламым түз, жүзүм жарык.

-Эми моминтип соңку тапта меценаттыкка биротоло баш-отуңуз

менен киришипсиз. Эмнеге?

-Ананчы! Туңгуч эле кадамымды жашында жайраган талант – чыгаан акын жана обончу Калмурат Рыскулов туурасындагы “Мен тирүүмдө кечикпе…” аттуу китебим менен баштап, бул өңүттөгү тушоомду эми араң кесип олтурам. Мен бул аркылуу кайран залкардын обондуу ырларын, ошондой эле ал жөнүндөгү улуу инсандардын жүрөк сыздаткан эскерүүлөрүн гана маркумдун экинчи өмүрүнө айлантууну эп көрдүм.

-Эмне үчүн?

-Көп жылдар бою мамлекеттик телекөрсөтүү тармагында үзүрлүү эмгектенип, жакында эле чын дүйнөгө аттанган жан досум – адашым Жаңыбай Ашымбеков бул китептин жарык көрүшүнө түдөн-түз себепкер. Ыраматылык тирүү кезинде бир күнү атайылап үйүнө конокко чакырганынан барсам, кайталангыс орошон талант – отузга чыга электе о дүйнөгө өзү аттанган Калмурат Рыскуловдун тирүү кезиндеги чыгармачылык кечесин тасмага түшүрүп алган экен, ошону зерикпестен башынан аягына дейре көрсөттү.

Анан акырында “Кудайга шүгүр. Сенин каржылык мүмкүнчүлүгүң бар. Эми ушул жигиттин атын түбөлүккө калтыруу үчүн жардамыңды эч аяба? Сообуна деле каласың… Арбагы дагы колдосун! Аттиң… Калмурат Рыскуловдун артында анын атын таптакыр унуткарбай турган туягы деле калбаптыр. Кайран жигитти эстеп-экергенге дегеле эч кимиси жок!”- деп кыйлага дейре абдан  катуу муңканып-үшкүрүндү.

Ыраматылык Жаңыбай Ашымбековдун үшкүрүнгөнүндө деле

себеп бардыр?

-Ооба! Калмурат Рыскулов Нарын облусунун Ак-Талаа районунда

төрөлгөн. Боорун жерден көтөрө электе атасынан ажыраган экен. Студенттик күндөрүндө деле башынан абдан көп кыйынчылыктарды гана кечириптир. Ошентсе дагы, дербиш сыңары мыкты ыр кайрыктарын издеп тоо-таш аралап, жакшы чыгарма кайрыктарын тапса, жаш баладан беш бетер барбалаңдаптыр.

Тилекке каршы, каражат деген балакет куп гана кендирин кесип, анын үстүнө жашоонун катаалдыгына дагы биротоло туруштак бере албастан, анан бул жалганда өз ордун дегеле таппагандыктан, акыры Калмурат кара жанын өзү өлүмгө кыйып тыныптыр. Бул трагедиялуу  тагдырды аягына дейре чыдап тыңдап олтуруу, албетте, мага абдан эле оор болду…

Демек, адашыңыздын – Жаңыбай досуңуздун   керээзин акыры

аткарыпсыз да?

-Ооба. Маркум досум Жаңыбай Ашымбековдун сөзүн эки кылган жокмун. Көзү өтсө дагы, анын тирүү кезиндеги осуятын – керээзин моминтип эми гана аткарып олтурам. Ашкере чыгаан талант Калмурат Рыскуловдун ысымы мындан ары өмүрдөн эрте кетишкен Рыспай Абдыкадыровдун, Жеңишбек Шамшиевдин, Асанкалый Керимбаевдин катарында аталып, жылдызы ого бетер жанаарына мен бөркүмдөй эле ишенем!

-Баса, жаңылышпасам, Асанкалый Керимбаевди дагы кеңири

изилдеп жаттыңыз эле?

-Чын эле. 2020-жылдын октябрь айынан бери айтылуу Токтогул районун – Кетмен-Төбө өрөөнүн түгөл кыдырып, Асанкалый Керимбаев туурасындагы кеңири материалдарды топтодум. Буюрса, залкар таланттын эки томдугун жакын арада бастырып чыгарам.

Жаңыбай мырза, айтмакчы, жердешиңиз Рыспай Абдыкадыровду унутуп койдуңуз окшойт?

-Жо-жок! Ушул тапта кайталангыс талант Рыспай Абдыкадыровду ар тараптуу жана абдан кеңири изилдеп жатамын. Архивдерди дагы сөзсүз аңтаруум абзел! Куда кааласа, ай-ааламга жарашкан акебиздин өмүрүн адабий-көркөм чыгармага айландыруу аракетим күч!

МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

          Жаңыбай АСРАНОВ 1958-жылы Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа кыштагында туулган. Фрунзедеги политехникалык институтту (азыркы КГУСТАны) бүтүргөндөн кийин адегенде Кара-Кулжа ПМКсында прораб, мастер, анан башкы инженер болуп эмгектенген.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17