Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
СООДА-САТЫК
Таш-Булак айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кеңеш айыл аймагынын өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Бешик-Жон айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүнүн СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жалал-Абад шаарынын мэриясы СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Сакалды айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Момбеков айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сайдыкум айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жаңы-Жол айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КАНТ ШААРЫНЫН АЙРЫМ РАЙОНДОРУНДА ЖАРАТЫЛЫШ ГАЗЫ ӨЧҮРҮЛӨТ
КРдин ӨКМ алдындагы “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жалал-Абад шаардык мэриясы СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КООМДУК КАБЫЛДАМА

БЕРДЫМУХАМЕДОВ БУУНУН БАШКЫ АССАМБЛЕЯСЫНА ВИДЕОКАЙРЫЛУУ МЕНЕН ЧЫКТЫ

БЕРДЫМУХАМЕДОВ БУУНУН БАШКЫ АССАМБЛЕЯСЫНА ВИДЕОКАЙРЫЛУУ МЕНЕН ЧЫКТЫ

 57 Бардыгы /

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов 21-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясына алдын ала жазылган видеокайрылуу менен чыкты.

Видеокайрылуусунда Бердымухамедов коронавирус пандемиясы менен күрөшүү, Ооганстандагы кырдаал сыяктуу маселелерди козгоду.

Ал дүйнөдө тынчтык, коопсуздук, туруктуу өнүгүү үчүн өлкөлөрдүн улуттук кызыкчылыктарын координациялоо маанилүү экенин билдирди.

Өлкөсүндө коронавирус жуктургандар жок экенин айтып келген түркмөн президенти дүйнө коомчулугунун пандемия менен күрөшүү аракетин жетишсиз деп атады.

Мындан тышкары Бердымухамедов Ооганстандагы кырдаалга токтолуп, Түркмөнстан бул өлкөгө экономикалык жана гуманитардык жардам берүүнү уланта берерин билдирди.

Бердымухамедовдун БУУнун Башкы ассамблеясына жолдогон видеокайрылуусу түркмөн лидеринин саламаттыгы начарлап кеткени жөнүндө маалыматтар кайрдан чыккан маалга туш келди. Түркмөнстандын Москвадагы элчилиги бул кабарды төгүндөөгө аргасыз болду.

«РИА-Новости» менен «РБК» сыяктуу орусиялык басылмалар Гурбангулы Бердымухамедов кайрадан комага түшүп калганын жазышкан.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булагы түркмөн президентинин БУУнун Башкы ассамблеясына жолдогон видеокайрылуусу болжол менен бир апта мурун жазылганын билдирди.

«Ватан» программасында 16-сентябрда өттү делинген өкмөттүн жыйыны да алдын ала жазылганы айтылууда. Өз булак эки видео тең бир күндө даярдалганын, буга Бердымухамедовдун бир кийим менен чыкканы далил экенин белгиледи.

Быйыл Башкы ассамблея лидерлерге Нью-Йоркко келип кайрылуу жасоого же жыйынга онлайн катышууга мүмкүнчүлүк берди.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17