Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,048 Бардыгы / ОШ. Президент Садыр Жапаров Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринен Ош облусунун Чоң-Алай районуна көчүрөлгөн этникалык кыргыздар үчүн жаңы шаарчанын курулушуна капсула салды. Баса, буга дейре үстүбүздөгү жылдын апрелинде Садыр Жапаров Памирде калган Ооган кыргыздарын көчүрүп келип жайгаштыруу үчүн болжолдонуп жаткан турак жай курулушунун долбоору менен таанышуу учурунда тийиштүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды […]
1,049 Бардыгы / ОШ. Президент Садыр Жапаров Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринен Ош облусунун Чоң-Алай районуна көчүрөлгөн этникалык кыргыздар үчүн жаңы шаарчанын курулушуна капсула салды. Баса, буга дейре үстүбүздөгү жылдын апрелинде Садыр Жапаров Памирде калган Ооган кыргыздарын көчүрүп келип жайгаштыруу үчүн болжолдонуп жаткан турак жай курулушунун долбоору менен таанышуу учурунда тийиштүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды […]
ЧОҢ-АЛАЙГА КӨЧҮРҮЛГӨН ПАМИРЛИК КЫРГЫЗДАР ҮЧҮН ШААРЧА КУРУЛАТ
27.09.2021 / Автор anarkan_kg

1,050 Бардыгы /
ОШ. Президент Садыр Жапаров Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринен Ош облусунун Чоң-Алай районуна көчүрөлгөн этникалык кыргыздар үчүн жаңы шаарчанын курулушуна капсула салды.
Баса, буга дейре үстүбүздөгү жылдын апрелинде Садыр Жапаров Памирде калган Ооган кыргыздарын көчүрүп келип жайгаштыруу үчүн болжолдонуп жаткан турак жай курулушунун долбоору менен таанышуу учурунда тийиштүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды дагы берген эле. Муну менен Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылында Бурган-Суу тилкесинде 30 гектар жеке турак жайларын жана социалдык объектилерди курууга трансформацияланган. Ошентип, эми бул аймакта турак жайлардын, 275 орундуу жалпы билим берүүчү мектептин, саламаттыкты сактоо объектилери жана башка социалдык объектилердин салынышы пландалууда. Айтмакчы, аталган долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн. Мындан тышкары айрым объектилердин курулушу Дүйнөлүк «Ассанабиль» коомдук кайрымдуулук фондунун көмөктөшүүсүндө жүргүзүлөт.
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров жергиликтүү тургундардын алдында сүйлөп жатып, оогандык кыргыздардарды үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин аларды сактап калуу максатында, тарыхый мекенине көчүрүп келүү ниетин дагы бир жолу баса белгиледи. Бул маселе анын жеке көзөмөлүндө экендигин дагы эске салды. Анын айтымында бул жерде келечекте 300-400 үй памирлик кыргыздар жагымдуу шарттары менен жашай алгыдай гана курулат.
Президент сапарынын жүрүшүндө чогулгандар менен кенен-чонон баарлашты. Мүмүкүнчүлүктөн пайдаланып оогадык кыргыздар турак жай жана жер көйгөйлөрү, автотранспорттук логистика, ичүүчү суу маселелерин көтөрүп, социалдык мүнөздөгү маселелерди чечүүнү тездетүүнү дагы ыраса өтүнүштү. Ошокдуктан, президент Садыр Жапаров жергиликтүү калктын суроо жана каалоо-тилектерин дыкаат тыңдап, жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында райондордун акимдеринин ыйгарым укуктары кеңейтиле тургандыгын дагы бир ирет эске салды. Муну менен жергиликтүү калкты тынчсыздандырган көпчүлүк маселелер жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилеринин деңгээлинде гана ыкчам чечилет.
Буга улай алдыдагы парламенттин шайлоого байланыштуу суроолорго жооп берип жатып, Мамлекет башчысы Садыр Жапаров ар бир мамлекеттик органдын алдында шайлоо жараянынын таза жана ачык өтүүсүн камсыздоого катуу талаптар коюларын өзгөчө белгиледи.
- Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышына эл кимди шайласа, дал
ошолор гана келиши үчүн бардык шарттар жаратылды. Парламенттин жаңы курамы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме аркылуу, 36 бир мандаттуу округдан шайланышат. Шайлоочулар партия үчүн гана добуш берген өткөн шайлоолордон айырмаланып, алдыдагы шайлоолордо шайлоочулар партия үчүн эле эмес, анын ичиндеги өзүнчө бир талапкерге дагы добуш берген система кошо киргизилди. Эгер кайсыл бир мамлекеттик кызматкер шайлоо жараянына кийлигише турган болсо, ага карата токтоосуз түрдө катаал чаралар дагы көрүлөт! – деп убадалады Президент Садыр Жапаров.
Өз ара баарлашуунун аягында анда курула турган билим берүү жана социалдык мекемелер жөнүндө айтып жатып Садыр Жапаров бул мектепти куруунун маанисине төмөнкүчө токтолду.
- Бул жаңы айылда жашаган мекендештерибиздин урпактары өз
Мекенинин гүлдөп-өскөн аймакка айланышына, өлкөнүн өнүккөн мамлекеттердин катарына киришине салым кошот деп терең ишенебиз! Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринен көчүп келишип, тоолуу Бурган-Суу айылына отурукташкан боордошторубуздун балдары ыйык Кыргыз жергесинде бакубатчылыкта гана чоңоюшсун! – деп бата тиледи президент Садыр Жапаров айылдын курулушуна капсула салып жатып.
Айтмакчы, өз кезегинде Алай районунун аксакалдары мамлекет башчысынын Кичи жана Чоң Памирден келген этникалык кыргыздарды колдоо саясатын колдой тургандыгын ачыкташты. Анткени, боордошторубуздун оор турмуш шарттарында жашаганына кайдыгер карап тура албайбыз!
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
-
15.10.2024 / Автор anarkan_kg БИЙИК ТОЛУУ АЛАЙ РАЙОНУНДА 110-10 КВ «БҮЛӨЛҮ» КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛУУДА
-
21.10.2024 / Автор anarkan_kg АРАВАНДА КЫЗЫЛ КИТЕПКЕ КИРГЕН ЖАНЫБАРДЫ ӨЛТҮРГӨН ЖАРАНДАР КАРМАЛЫШТЫ
-
27.10.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна БАТКЕН КООГАЛАҢЫНДА КУРМАН БОЛГОНДОРДУ ЭСКЕРИШТИ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.