Аймак

КЫРГЫЗ ЧЕК АРАЧЫЛАРЫ БАТКЕНДЕ АТКЕЗЧИЛИК ЖОЛ МЕНЕН ТАШЫЛЫП БАРАТКАН ЖЕР-ЖЕМИШТЕРДИ КАРМАШТЫ

КЫРГЫЗ ЧЕК АРАЧЫЛАРЫ БАТКЕНДЕ АТКЕЗЧИЛИК ЖОЛ МЕНЕН ТАШЫЛЫП БАРАТКАН ЖЕР-ЖЕМИШТЕРДИ КАРМАШТЫ

 1,536 Бардыгы /

          БАТКЕН. Кыргыз Республикасынын УКМКсына карашту Мамлекеттик чек ара кызматынын Лейлектеги чек арачылары Баткен жерегесине коңшулаш Тажикстандан аткезчилик жол менен ташылып келаткан 470 кило мандаринди жана 500 кило жүзүмдү кармашты.  

          Ошентип, Лейлек районуна караштуу Интернационал кыштагын  көзөмөлдөп жүрүшкөнКыргыз Республикасынын УКМКсына карашту Мамлекеттик чек ара кызматынын Лейлектеги чек ара наряды  1995-жылы туулган Кыргыз жараны А. Ш. айдап бараткан күмөндүү Opel Zafira автоунаасын токтотуп текшеришкенде, анын салонунан Тажикстанга ташылып бараткан 470 кило мандаринди табышты.Ушуга улайЛейлек районуна караштуу Беш-Кент кыштагында Кыргыз Чек арачылары 1988өтуулган Кыргыз жараны Б. О. Башкарып бараткан Nissan автоунаасын токтотуп текшеришкенде, анын салонунан дагы Тажикстанга ташылып бараткан  500 кило жүзүмдү табышты.

          Эки айдоочу тең жер-жемиштерди эч кандай документсиз жана легалсыз Тажикстандан Кыргызстанга ташып баратышкан. Тиешелүү протоколдор толтуралгандан кийин айдоочулар жүктөрү менен кошо жергиликтүү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.  Мындан аркы тергөөнү эми ошолор мыйзам чегинде жүргүзүшмөкчү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17