Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
7,057 Бардыгы / Өкчөдүң өөдө-төмөн, оңду-солду, Өрттөдүң өрүшүмдү кестиң жолду. Өзүмчө чыйыр таап кетээримде, Чырмадың чылбыр менен буту-колду. Ааламга адам болуп жаралганы, Аркалап келатамын азап-шорду. Мына ушундай ыр саптарынын автору, көп кырдуу таланттын ээси Дооронбек Садырбаевди урпактардын көпчүлүгү кино режиссёр, сценарист, публист катары жакшы таанышат. Жазмакерлер Докебиздин киночулук өнөрү жөнүндө көп жазышкандыгы накта чындык. Муну эч […]
7,058 Бардыгы / Өкчөдүң өөдө-төмөн, оңду-солду, Өрттөдүң өрүшүмдү кестиң жолду. Өзүмчө чыйыр таап кетээримде, Чырмадың чылбыр менен буту-колду. Ааламга адам болуп жаралганы, Аркалап келатамын азап-шорду. Мына ушундай ыр саптарынын автору, көп кырдуу таланттын ээси Дооронбек Садырбаевди урпактардын көпчүлүгү кино режиссёр, сценарист, публист катары жакшы таанышат. Жазмакерлер Докебиздин киночулук өнөрү жөнүндө көп жазышкандыгы накта чындык. Муну эч […]
ДООРОНБЕКТИН ДАҢКЫ, ЗАЛКАРДЫН БАРКЫ
06.12.2021 / Автор anarkan_kg7,059 Бардыгы /
Өкчөдүң өөдө-төмөн, оңду-солду,
Өрттөдүң өрүшүмдү кестиң жолду.
Өзүмчө чыйыр таап кетээримде,
Чырмадың чылбыр менен буту-колду.
Ааламга адам болуп жаралганы,
Аркалап келатамын азап-шорду.
Мына ушундай ыр саптарынын автору, көп кырдуу таланттын ээси Дооронбек Садырбаевди урпактардын көпчүлүгү кино режиссёр, сценарист, публист катары жакшы таанышат. Жазмакерлер Докебиздин киночулук өнөрү жөнүндө көп жазышкандыгы накта чындык. Муну эч ким төгүнгө чыгара албайт. Ырлары көркөмдүүлүгү жагынан элдик наамга татыган акын сөрөйлөрдөн өйдө турат. Ырлары туурасында терең ой жүгүртүп көрсөңүз, эң оболу халтурадан оолак болгонуна ынанасыз. Кыргызстандын тунгуч президенти А.Акаевге арнап жазган ырында:
Илимди казып такшалган,
Ийкемдүү жигит Аскаржан.
Ленинден озот деп уктум,
Лепилдеп тез-тез баскандан.
Жараткан куру койбоптур,
Сизди,
Жол-куйруктуу каштардан.
Эми качпасаңыз болгону,
Аскаржан,
Карды ачка элди баккандан.
(“Визитка”, “Эркин-Тоо” басмаканасы, 1992-жыл 50-бет)
Поэзия деп ушуну айт. Докеден башка жазмакерлер президентти сындамак түгүл кошоматчылыкка жан үрөп, таманын өпкүдөй болушкан, көкөлөтө макташканы жалганбы? Докебиздин жалаң төш, көк жал экендиги, келечекти көрө билгендиги, чындыкты тартынбай окурмандарга айткандыгы эрдик эмей эмине! Баарынан да олуялыгын айтсаң. Ыр жарыялангандан үч жылдан соң президент качып кетпедиби! Элдин алкышын эмес каргышын алган эл башкарган жакшыларды сатиранын оту менен куйкалап, сай-сөөккө түгүл жүлүнгө жеткен сөздөрү эмдигиче аңыз болуп айтылып келаткандыгы тегин жерден болбосо керек.
Доорубуздун залкар жазуучусу Ч.Айтматов жазгандай: “Оригиналдуу ой жүгүртө алган чыныгы – сүрөткер” демекчи, Д.Садырбаев чыгармачылыкка олуттуу караган, айтканынан кайтпаган калемгер десек аша чаппайбыз. Кыргыз улуту, мамлекети үчүн калп эле күйүмүш болгондорду аябай жек көрчү. 1990-жылы Ош окуясы болгондо күйүп-жанып, бир жагынан туталанып жүргөнүн көп жолу көргөнмүн. Өзбек, кыргызды бири-бирине кайраштыргандарды жеп ийчүдөй болгону, улуттар аралык жаңжал күчөп турганда ордолуу Ошто КРдин Ички иштер министри Ганчаровдун 50 жылдыгын белгиленип, кошоматчылар “Жигули” автоунаасын тартуулаганы калайыктын эсинде. Мына ошол каргашалуу окуялар Докебиздин тасмасында, өздүк архивинде болсо керек, аны иликтеп, изилдеп көрсө болот.
1995-жылы бийликтин калыстыктан жондогонуна байланыштуу №7 Сузак “Макмал” шайлоо округунан мыйзам чыгаруу палатасынан ЖКтын депутаттыгына талапкер Сатыбалды Жээнбековго атайлап бут тосуулар, тоскоолдуктар болгонуна каны кайнаган Докебиз областтын ак үйүндө:
-Сатыбалды үкөм, эл душманы же мамлекеттик чыккынчы эмес. Өчүңөр бардай шайлоону уламдан-улам бузуп, шайлоочулардын кыжырын келтирип жатасыздар. Бул акылга да, адамгерчиликке да, мыйзамга да туура келбейт. Эл менен тирешип, көшөрө берсеңер депутаттык мандатымды Сатыбалды үкөмө берем.
Президиумда олтурган областтын губернатору А.Тагаев, мамлекеттик катчы Ж.Ибраимов бирин-бири карашып, жооп айтууга чала-чарпы келбеди. Докебиз ушундай оратор, чечен сөзмөр эле. Сессияда болобу, жолугушууда болобу тартынбай калыс сөзүн айтчу. Президент болобу, спикер болобу, министр болобу эч кимисин аячу эмес, кези келсе! Кезегинде Докебиздин курч сөздөрүнөн улам чыйрыккандар, басымы көтөрүлгөндөр көп болгон. Улуттук лидер катары тарыхта калган Д.Садырбаевден даңкы алыстарга угулуп, баркы тереңдеп урпактардын, келечек муундардын сезиминен орун ала тургандыгына бекем ынанууга негиз бар. Ашкере мекенчил улуу инсан жөнүндө аңыз кептер ааламды аралай берет.
Рысбай ЖУМАБЕКОВ, ардагер журналист
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
15.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА КОНФЕССИЯЛАР АРАЛЫК КЕҢЕШ СПОРТТУК ИШ-ЧАРАЛАРДЫ УЮШТУРДУ
-
26.04.2023 / Автор anarkan_kg “БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ НАТЫЙЖАЛУУ МЕНЕДЖМЕНТ” АТТУУ СЕМИНАР ӨТҮҮДӨ
-
02.05.2023 / Автор anarkan_kg АЛИШЕР УСМАНОВ ГЕРМАНИЯДА АРАМ АКЧАНЫ АДАЛДООГО АЙЫПТАЛУУДА
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.