Аймак

ТӨЛӨЙКӨН ШАЙЛОО ОКРУГУНДА ОРОЙ МЫЙЗАМ БУЗУУЛАР БОЛГОНДУГУ ЫРАСТАЛДЫ

ТӨЛӨЙКӨН ШАЙЛОО ОКРУГУНДА ОРОЙ МЫЙЗАМ БУЗУУЛАР БОЛГОНДУГУ ЫРАСТАЛДЫ

 897 Бардыгы /

          ОШ. Жогорку Кеңештин 8-декабрдагы жыйынында депутат Шайлообек Атазов   («Ата Мекен» фракциясы) 28-ноябрдагы парламенттик шайлоонун жүрүшүндө №8-Төлөйкөн шайлоо округунда одоно мыйзам бузууларга жол коюлгандыгын кан какшап айтып, а түгүл БШКга жана өлкө жетекчилигине атайын кайрылуу дагы жасап жиберди.

-Бүгүнкү күндөгү саясий кырдаал боюнча мамлекетибиздин президенти Садыр Нуркожоевичке кайрылам. Сиз шайлоо алдында Кыргыз мамлекети дүйнөдө болуп көрбөгөндөй шайлоо өткөрүшү керек деп жарыялагансыз. Бирок, ушул аруу тилекти айрым бир мандаттуу округдагы талапкерлер акташкан жок! Тскерисинче, алар Сизге каршы иштешти. Менде видеотасмалар менен далилдер бар. Нурбек Алымбековдун жээни акча таратып жатканы боюнча сүрөтү дагы бар. Сотко өткөрүп жатканда, Ош шаардык прокурорунун орун басары Куттукбек Токтосунов: “Жарым сааттын ичинде ишти кыскарткыла!” – деп буйрук берип жатат. Башкы прокурор Курманкул Зулушевге мыйзамды көзөмөлдөп турган патриот элдин уулу катары Ош шаардык прокурордун орун басарына баа берүүсүн суранам? Мени 17 миң адам келип шайлады. Ыйык трибунадан дагы айтам. Бир сом берген жокмун. Элибиз өзү келип шайлады. Эмне үчүн бул ишти сотко өткөрбөй жатасыңар? Биз Ак Үйдүн алдына чыкпай эле, мыйзам түрүндө кетип жатабыз го. Камчыбек Кыдыршаевич, кылмышкерлерди камап жетишпей жатасыз. Кышындабы, же жазындабы толкундоолор болсо, президенттин жанындагылар күнөөлүү болот. Менин округумдан Камчыбек Ташиев менен Адахан Мадумаров койгондо Ак Үйдүн алдына чыгып, өткөрүп бермекмин. Бирок, менин катарымда 10 жыл мамлекетти талап-тоногондор чыкты. Мына бүгүн прокурорлор колдоп жаткан талапкердин декларацияда бир нече мүлкү көрсөтүлгөн эмес! – деп тызылдады Жогорку Кеңештин 8-декабрдагы жыйынында депутат Шайлообек Атазов.

          Анткени, ушул эле округ боюнча депутатыкка ат салышкан талапкер – мурунку вице-спикер Нурбек Алымбековдун ыйгарым укуктуу Өкүлү тарабынан одоно мыйзам бузуу фактыларына таптакыр көңүл бурбаган жергиликтүү прокурорго мыйзам чегинде катаал чара көрүүнү талып кылды. Эл өкүлү ошол эле учурда милицияга катталган материалдарды сотко дароо өткөрүп берүүнү дагы сунуш этти.

          Бирок, Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Нурбек Алымбеков Шайлообек Атазовго дароо эле жооп кайтарды.

-Шайлообек, сен спортчу болсоң, эркекче жеңилгениңди дагы моюнга алганды билишиң керек! Кесиптешим бул ирет Жогорку Кеңештин ыйык трибунасын саясий кызыкчылыгы үчүн куп пайдаланып жатат. Чындыгында, биздин округда менин кесиптешим өзү ыплас шайлоо өткөрдү. Фуркат Айыл Өкмөтүндө штаб жетекчисине өзү чалып, коркутуп, оозго алгыс сөздөрдү айткан. Ошол иш азыр прокуратурада турат. Аксакалдар шайлоону тынч өткөрөлү дешкенде, тосмо арыз жазып берген экен. Ошол сөздөрдүн баарын ачыктайбыз! Мени “Коррупцияга малынган” – деп айтып жатат. Ал эми ага акча кайдан келип жатат? Анын акчасы кайдан келип жаткандыгын баары билет. “17 миң добуш алдым” деп жатат. Биз 19 миң добуш алдык. Спортчу болсоң, дагы бир ирет кайталаймын, эркекче жеңилгенди моюнга алууну билиш керек! Сенин айткандарынын баары жалган! – деди Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алымбеков.

          Алдын ала маалыматтарга караганда Кара-Суу районундагы №8-Төлөйкөн шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңеш шайлоосунда Нурбек Алимбеков 18882 добуш топтоп, саясий күрөштө эң алдыда келе жатат. Ал эми ушул эле округдан парламентке ат салышкан Шайлообек Атазов   16971 добуш алып, экинчи орунду багындырды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17