Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
742 Бардыгы / Расмий Ташкент кытайлык TikTok сервисинин өлкөгө кирүүсүнө жол ачканы үчүн өкүнүүдө. Бул тууралуу Eurasianet.org басылмасы кабарлады. Өткөн жумада 25-декабрда Ташкентте өткөрүү пландалган орусиялык блогерлердин катышуусундагы TikTok Fest аттуу фестивалга тыюу салынган. Анда Өзбекстандын Маданият министрлиги “фестиваль социалдык тармактарда сынга алынганын”, “жаштардын аң сезимине туура келбей турганын” жана өзбек элинин “улуттук менталитетине каршы келерин” […]
743 Бардыгы / Расмий Ташкент кытайлык TikTok сервисинин өлкөгө кирүүсүнө жол ачканы үчүн өкүнүүдө. Бул тууралуу Eurasianet.org басылмасы кабарлады. Өткөн жумада 25-декабрда Ташкентте өткөрүү пландалган орусиялык блогерлердин катышуусундагы TikTok Fest аттуу фестивалга тыюу салынган. Анда Өзбекстандын Маданият министрлиги “фестиваль социалдык тармактарда сынга алынганын”, “жаштардын аң сезимине туура келбей турганын” жана өзбек элинин “улуттук менталитетине каршы келерин” […]
ӨЗБЕКСТАН TIKTOK СЕРВИСИНИН ӨЛКӨГӨ КИРҮҮСҮНӨ ЖОЛ АЧКАНЫ ҮЧҮН ӨКҮНҮҮДӨ
13.12.2021 / Автор anarkan_kg

744 Бардыгы /
Расмий Ташкент кытайлык TikTok сервисинин өлкөгө кирүүсүнө жол ачканы үчүн өкүнүүдө. Бул тууралуу Eurasianet.org басылмасы кабарлады.
Өткөн жумада 25-декабрда Ташкентте өткөрүү пландалган орусиялык блогерлердин катышуусундагы TikTok Fest аттуу фестивалга тыюу салынган. Анда Өзбекстандын Маданият министрлиги “фестиваль социалдык тармактарда сынга алынганын”, “жаштардын аң сезимине туура келбей турганын” жана өзбек элинин “улуттук менталитетине каршы келерин” билдирген. Бирок кийинчерээк министрлик бул тыюу салууга эч кандай тиешеси жок экенин айтып, буга Ташкент шаарынын акимчилиги менен Ички иштер министрлигин айыптаган.
Бул иш-чара тууралуу алгач iTicket.uz билет агенттиги 6-декабрда жарыялап, аны өткөрүүгө Маданият министрлиги уруксат бергенин белгилеген.
Быйыл июль айында өзбекстандыктар TikTok тиркемесине кирүүдө көйгөйлөр болуп жатканына даттана башташкан. Андан мурдараак өкмөт социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын маалыматтары жергиликтүү маалыматтар базасында сакталышы керек деген мыйзам кабыл алган.
Өзбекстанда популярдуу болуп эсептелген Telegram тиркемеси өткөн айда иштебей калып, соцтармактардагы нааразылыктардан кийин кайра ачылган.
Башкы кеңсеси Бээжинде жайгашкан ByteDance компаниясына тааандык жана күн сайын миллиарддаган колдонуучу кирген TikTok платформасы Twitter социалдык түйүнү сыяктуу эле бөгөттөлгөн сервистердин катарына киргизилген. Бирок бийликтин мындай аракеттери жыйынтык бербей келет.
Жайында TikTok’ко бөгөт коюлганда өлкөдө VPN жүктөп алгандар көбөйүп, аталган сервистин катталуучуларынын саны өсүүсүн токтоткон эмес.
Бүгүнкү күндө өзбекстандык 20 жаштагы Нисо Мамедованын TikTok сервисинде 80 миңден ашык катталуучусу бар. Ал феминизм, саякат жана билим алуу жөнүндө видеолорду тартат. Meecklaygerk деген каймана ысым менен катталган дагы бир ташкенттик тиктокчунун катталуучуларынын саны 60 миңге жакын.
Мындан тышкары Өзбекстанда туулуп-өскөн Рахим Абдрамовдун TikTok’то 13,3 миллион катталуучусу бар. Ал Forbes журналы жарыялаган тизмеде 2020-жылы эң көп акча тапкан орус тилдүү тиктокчулардын сап башына жайгашкан.
“Мындай ийгиликтүү тиктокчулар турганда Өзбекстанда TikTok’ко бөгөт коюу – оор маселе сыяктанууда”, – деп жазылган Eurasianet.org басылмасынын макаласында.
Өткөн жылы Ташкенттин мэри Жахонгир Артыкхожаев өлкөнүн баш калаасында өткөн тиктокчулардын форумуна катышып, эркин ой-жүгүрткөн жаштарды колдой турганын билдирген.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
13.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна СУЗАКТА 150 ООРУНДУ ЭНЕ ЖАНА БАЛАНЫ КОРГОО БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
-
04.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧАЛАР ЖАНА МЕКТЕПТЕР ТЕКШЕРИЛДИ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.