Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
1,150 Бардыгы / Humo Air авиакомпаниясы 12-декабрда Фергана-Сох-Фергана багыты боюнча алгачкы аба каттамын аткарды. Өзбекстандын Транспорт министрлигинин маалыматына караганда, бул багыт боюнча каттамдар алгачкы убактарда жумасына эки жолудан — дүйшөмбү жана жума күндөрү Ан-2 учактары менен аткарылып турат. Алардын учуу узактыгы 30 мүнөттү түзөт. Жүргүнчүлөр авиабилеттерди Фергана, Анжиян жана Наманган аэропортторунан, ошондой эле Сох райондук акимчилигинин […]
1,151 Бардыгы / Humo Air авиакомпаниясы 12-декабрда Фергана-Сох-Фергана багыты боюнча алгачкы аба каттамын аткарды. Өзбекстандын Транспорт министрлигинин маалыматына караганда, бул багыт боюнча каттамдар алгачкы убактарда жумасына эки жолудан — дүйшөмбү жана жума күндөрү Ан-2 учактары менен аткарылып турат. Алардын учуу узактыгы 30 мүнөттү түзөт. Жүргүнчүлөр авиабилеттерди Фергана, Анжиян жана Наманган аэропортторунан, ошондой эле Сох райондук акимчилигинин […]
СОХ АНКЛАВЫНДАГЫ ЖАҢЫ АЭРОПОРТ АБА КАТТАМДАРЫН КАБЫЛ АЛА БАШТАДЫ
14.12.2021 / Автор anarkan_kg

1,152 Бардыгы /
Humo Air авиакомпаниясы 12-декабрда Фергана-Сох-Фергана багыты боюнча алгачкы аба каттамын аткарды.
Өзбекстандын Транспорт министрлигинин маалыматына караганда, бул багыт боюнча каттамдар алгачкы убактарда жумасына эки жолудан — дүйшөмбү жана жума күндөрү Ан-2 учактары менен аткарылып турат. Алардын учуу узактыгы 30 мүнөттү түзөт. Жүргүнчүлөр авиабилеттерди Фергана, Анжиян жана Наманган аэропортторунан, ошондой эле Сох райондук акимчилигинин имаратынан сатып алышса болот.
Сох аэропортунун курулушуна Өзбекстандын мамлекеттик бюджетинен 6,8 миллиард сум (631 миң доллар) бөлүнгөн.
Кыргызстандын Баткен облусунун ичинде жайгашкан Сох анклавындагы жаңы аэропорттун курулушу аяктаганы быйыл октябрдын ортосунда кабарланган. Буга чейин Сохтун тургундары Өзбекстанга барыш үчүн Кыргызстандын аймагы аркылуу 20 чакырымдай жол жүрүп келишкен.
Анклавды Өзбекстандын негизи аймагы менен байланыштырган Сох-Риштан унаа жолу 2013-жылы кыргыз-өзбек чек арасындагы чырдан кийин бир тараптуу жабылган. Быйыл апрелде аталган жолдогу “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылып, жүргүнчү ташыган унаалар өткөрүлө баштаган. Азырынча бул бекеттер аркылуу жүк ташыган автоунаалардын өтүүсүнө уруксат жок.
Сох районунун жана аны менен чектеш кыргыз айылдарынын тургундарынын ортосунда турмуш-тиричилик маселелерине байланыштуу жаңжалдар болуп келет. Алардын акыркысы 2020-жылы май айында Кадамжайдын Чечме айылы менен Сохтун Чашма айылынын жашоочуларынын ортосунда булак талаштан улам чыккан. Анда 187 өзбекстандык ар кандай жараат алып ооруканага түшкөн. Алардын үчөөнө мылтыктын огу тийип, бир нече турак жай өрттөлгөн. Күбөлөр жараат алгандардын көбү өзбек аскерлеринин элди тынчытуу аракети маалында жабыр тартканын айтышкан.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Сохтогу чатактан Кыргызстан тараптан 25 киши түрдүү жараат алып, эки адам оор абалда ооруканага түшкөн. Бул окуядан кийин эки өлкө ортосундагы чек ара жабылып, Сохтун жашоочулары блокадада калган.
Кийинчерээк Өзбекстанда “2020-2021-жылдары Сох районун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча чаралар тууралуу” президенттин токтому кабыл алынган. Анда районго аэропорт куруу планы да жазылган.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
15.03.2026 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
12.03.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС “ТАЗАЛЫК” МЕКЕМЕСИНЕ ЖАҢЫ ТЕХНИКАЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ
-
17.03.2025 / Автор anarkan_kg ЖООГАЗЫНДЫН 17 ТҮРҮН ЭККЕН КАЙЫРГҮЛ АЙЫМ
-
25.03.2025 / Автор anarkan_kg ГАРНИЗОНДУН АСКЕР КЫЗМАТ АДАМДАРЫНА КАРАТА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ
-
28.03.2025 / Автор anarkan_kg КЕРБЕН ШААРЫНЫН КИРЕ БЕРИШИНЕ АРКА КУРУЛДУ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.