Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,072 Бардыгы / Орусия президенти Владимир Путин Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушкандан кийин Кремлде сөз сүйлөп жатып, Украинаны НАТОго кабыл албоо керектигин, себеби Киев Крымды “аскердик жол менен” тартып алууну көздөп жатканын билдирди. “Украинаны НАТОго кабыл алуу керек деп айтып жатышат. Украинанын доктриналдык документтеринде алар Крымды аскердик жол менен кайтарып алууну каалап жатышканы жазылган. Украина […]
1,073 Бардыгы / Орусия президенти Владимир Путин Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушкандан кийин Кремлде сөз сүйлөп жатып, Украинаны НАТОго кабыл албоо керектигин, себеби Киев Крымды “аскердик жол менен” тартып алууну көздөп жатканын билдирди. “Украинаны НАТОго кабыл алуу керек деп айтып жатышат. Украинанын доктриналдык документтеринде алар Крымды аскердик жол менен кайтарып алууну каалап жатышканы жазылган. Украина […]
ПУТИН: УКРАИНАНЫ НАТОГО КАБЫЛ АЛБОО КЕРЕК – АЛ КРЫМДЫ АСКЕРДИК ЖОЛ МЕНЕН КАЙТАРЫП АЛУУНУ КӨЗДӨЙТ
02.02.2022 / Автор anarkan_kg

1,074 Бардыгы /
Орусия президенти Владимир Путин Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушкандан кийин Кремлде сөз сүйлөп жатып, Украинаны НАТОго кабыл албоо керектигин, себеби Киев Крымды “аскердик жол менен” тартып алууну көздөп жатканын билдирди.
“Украинаны НАТОго кабыл алуу керек деп айтып жатышат. Украинанын доктриналдык документтеринде алар Крымды аскердик жол менен кайтарып алууну каалап жатышканы жазылган. Украина НАТОнун мүчөсү деп элестетип көрөлү – Крымда операция башталат (Донбасс жөнүндө айтпай эле коеюн). Бул Орусиянын суверендүү аймагы. Биз эмне НАТОнун блогу менен күрөшөбүзбү? Кимдир бирөө ойлонуп көрдүбү? Сыягы, ойлонгон эмес”, — деди Путин.
Путин АКШ Орусиянын коопсуздук кепилдиги боюнча тынчсыздануусун көңүл сыртында калтырганын айтты. Анын пикиринде, Батыштын жообунда Орусиянын үч негизги талабы – НАТОну кеңейтүүгө жол бербөө, орус чек араларына жакын жерде сокку ура турган куралдуу системаларды жайгаштыруудан баш тартуу жана блоктун Европадагы аскердик инфраструктурасын 1997-жылдагы абалга келтирүү – адекваттуу түрдө эсепке алынган эмес.
Буга чейин АКШ Кремлге НАТО боюнча жооп кайтарган. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Блинкен: “Документ Путинде, биз анын реакциясын күтүп жатабыз. Маселе Путин кандай багытты тандап аларында: жамааттык коопсуздукка карай конструктивдүү жолбу же Украинага каршы жаңы агрессиябы? Биз экөөнө тең даярбыз”, – деген.
Путин Батыш Орусияга альянстын инфраструктурасын бир дюмга да илгерилетпөө жөнүндө убада бергенин белгиледи.
“Айткандары менен кылгандары дал келбейт. Эми НАТО Польшада, Румынияда жана Прибалтика өлкөлөрүндө. Эл ичинде айтылгандай – алдап кетишти. Андан соң АКШ Ракетага каршы коргонуу келишимине чыкты. Эми ракета учура турган орнотмолор Румынияда жана жакында Польшада болот. Ал жакта болсо “Тамагав” – сокку ура турган ракеталарды орнотсо болот. Бул эмне биз үчүн коркунуч эмеспи? — деп белгиледи Путин.
Орусия Украинага жакын аймакка жүз миңдей аскерин топтоп, былтыр күздөн бери машыгууларды өткөрүп келет. Батыш менен Киев Москва Украинага кол салышы мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Кремл андай ниети жок экенин билдирүүдө.
Москва аскерлерин чыгаруудан баш тартып, АКШ менен НАТОдон “Украина жана башка КМШ мамлекеттери түндүк аскердик альянска кирбейт” деген кепилдик талап кылып жатат.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
29.07.2025 / Автор anarkan_kg НООКЕНДЕ ЭКИ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛЕТ
-
-
-
25.04.2025 / Автор anarkan_kg Улуу Жеништин 80 жылдыгына ТЕҢ УКУКТУБУЗ!
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.