Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
2,995 Бардыгы / БАТКЕН. Баткендик журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шектелип кармалган блогер Батмакан Жолболдуева убактылуу кармоочу жайда өзү колунун кан тамырын кесип таштады. Бул жөнүндө биздин редакциябызга айыпталуучунун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева билдирди. Кечээ Баткен облустук соту анын баш коргоо чарасын карап чыгып, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Ошондо Батмакан Жолболдуева ага убактылуу кармоочу жайда ар кандай кысымдар […]
2,996 Бардыгы / БАТКЕН. Баткендик журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шектелип кармалган блогер Батмакан Жолболдуева убактылуу кармоочу жайда өзү колунун кан тамырын кесип таштады. Бул жөнүндө биздин редакциябызга айыпталуучунун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева билдирди. Кечээ Баткен облустук соту анын баш коргоо чарасын карап чыгып, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Ошондо Батмакан Жолболдуева ага убактылуу кармоочу жайда ар кандай кысымдар […]
ЖУРНАЛИСТТИН ӨЛҮМҮНӨ ШЕКТЕЛГЕН БЛОГЕР КОЛ ТАМЫРЫН КЕСКИЛЕДИ
14.04.2022 / Автор anarkan_kg

2,997 Бардыгы /
БАТКЕН. Баткендик журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шектелип кармалган блогер Батмакан Жолболдуева убактылуу кармоочу жайда өзү колунун кан тамырын кесип таштады. Бул жөнүндө биздин редакциябызга айыпталуучунун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева билдирди.
- Кечээ Баткен облустук соту анын баш коргоо чарасын карап чыгып,
райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Ошондо Батмакан Жолболдуева ага убактылуу кармоочу жайда ар кандай кысымдар болуп жаткандыгын дагы ачыктады. Маселен, өз маалында тамак берилбей аткандыгын кошумчалады. Мен ушундан улам Баткен райондук ички иштер бөлүмүнө баш багып, жетекчилери менен бетме-бет жолугушуп, Батмаканга болгон кыйноолор тууралуу баса айтып кеткемин. Мен жылгандан кийин дагы ага коркутуп-үркүтүү жасалгандыктан, ал бир колунун кан тамырын кесип таштаптыр. Мага аны бүгүн эртең менен туугандары телефон чалып айтышты. Кызматкерлер аны толук медициналык кароодон өткөрбөй белгисиз тарапка алып кетишиптир. Азыр дагы мен Батмакандан эч кабар алалбай жатам, — деп тызылдады айыпталуучунун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу козголгон иштин алкагында камакка алынган блогер Батмакан Жолболдуева өз өмүрүнө кол салуу аракетин көргөндүгүн ырастады.
Ошентип, Баткен РИИБсынын убактылуу кармоо жайында шектүү катары кармалып турган 1989-жылы туулган Батмакан Жолболдуевабелгисиз себептерден улам өз өмүрүнө кол салуу максатында сол колунун билегин учтуу нерсе менен кескилеп таштаган. Андыктан, дароо “Тез жардам” кызматы алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жеткирилип, абалы турукташкандыгына байланыштуу кайрадан убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Баса, баткендик маркум журналист Арзыгүл Галымбетова 37 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Анын өлүмү боюнча Баткен облусунун телеканалы укук коргоо органдарына кайрылып, иликтеп берүү өтүнүчүн келтирген. Арзыгүл Галымбетова «AKИpress» маалымат агенттигинде кабарчы катары иштеп, Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдарды тынымсыз чагылдырып турган. Журналист Арзыгүл Галымбетова каза болоордон эки күн мурда милицияга кайрылып, анын аброюна абдан шек келтирди деген блогер Батмакан Жолболдуеванын үстүнөн расмий арыз жазган.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
-
16.03.2026 / Автор anarkan_kg «МАКМАЛ ГОЛД КОМПАНИ» 120 ҮЙ-БҮЛӨГӨ ЖАРДАМ КӨРСӨТТҮ
-
-
-
26.03.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ЖЕРГЕСИНДЕ 2396 ҮЙ-БҮЛӨ ДАГЫЛЕ КООПТУУ АЙМАКТАРДА ЖАНСАКТАШАТ
-
01.04.2025 / Автор anarkan_kg ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАЙЛЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.