Аймак

КАРА-СУУДАГЫ СУУ САКТАГЫЧТА КАЙЫКТЫН ҮСТҮНДӨ КАЛЫП КАЛГАН АДАМ КУТКАРЫЛДЫ

КАРА-СУУДАГЫ СУУ САКТАГЫЧТА КАЙЫКТЫН ҮСТҮНДӨ КАЛЫП КАЛГАН АДАМ КУТКАРЫЛДЫ

 1,638 Бардыгы /

ОШ. Кара-Суу районунда кайыктын үстүндө калып калган адам акыры куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кара-Суу районунунПравда айылындагы Кемпир-Абад суу сактагычында 1985-жылы туулган С.Ш аттуу эркек киши кайыктын үстүндө калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Ошентип, жерине 4 куткаруучу тартылып, алар жеткенге чейин эле жергиликтүү тургундар калып калган адамды жээкке чыгарып беришти. Азыр анын ал-акыбалы жакшы.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17