Аймак

КАЗАКСТАНДА ЯНВАРЬ ОКУЯЛАРЫНДА КАЗА БОЛГОН 19 КИШИНИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ КЕНЕМТЕ ТӨЛӨНДҮ

КАЗАКСТАНДА ЯНВАРЬ ОКУЯЛАРЫНДА КАЗА БОЛГОН 19 КИШИНИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ КЕНЕМТЕ ТӨЛӨНДҮ

 1,209 Бардыгы /

Январь окуяларынан кийин президент Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен түзүлгөн “Қазақстан халқына” фонду башаламандыктар маалында кокустан каза болгон деп табылган 19 кишинин үй-бүлөсүнө кенемте төлөнүп берилгенин билдирди.

“Бизге каза болгондордун туугандарынан билдирүүлөр келип жатат. Биз аларды коомдук уюмдар жана Акыйкатчы институтунун атынан тиешелүү органдарга жөнөтүп, алардын кайтарым реакциясын күтүп жатабыз. Бүгүнкү күнгө карата 19 кишиден турган тизмени алдык. Алардын баары менен байланышып, жардам берилди. Тергөө амалдарынын аякташына жараша мындай тизмелерди дагы алабыз деп ойлойм”, – деди фонддун төрагасы Болат Жамишев 1-июнда өткөн брифинг маалында.

Анын айтымында, каза болгону расмий жарыялангандардын көбүнүн туугандары фондго жардам сурап кайрылышкан.

Апрелде “Қазақстан халқына” фонду набыт болгон жай тургундардын 21ине кенемте төлөнүшү керектигин билдирген. Февралда фонд Казакстандын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эльвира Азимовага шилтеме кылып, январь окуяларында 29 жарандык адам кокустан каза болгонун кабарлаган.

Расмий маалыматтар боюнча 238 кишинин өмүрүн алган январь окуяларынан кийин президент Касым-Жомарт Токаев атайын фонд түзүүнү демилгелеп, каза болгон жана оор жараат алган күч түзүм кызматкерлеринин, ошондой эле кокустан мерт болгон жайкын тургундардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам берилерин билдирген.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17