Аймак

Ыраазылык. МААНАЙЫҢ КӨТӨРҮЛҮП, КУБАТТАНЫП КАЛАСЫҢ…

Ыраазылык. МААНАЙЫҢ КӨТӨРҮЛҮП, КУБАТТАНЫП КАЛАСЫҢ…

 19,387 Бардыгы /

Быйыл аба-ырайы жанчыл келип, республиканын бир топ аймактарында улам-улам  сел жүрүп, бир топ жарандарыбыз материалдык жактан чыгымга учурады. 

Үстүбүздөгү жылдын 20-май күнү болгон селден Араван районундагы А.Анаров атындагы айыл өкмөттүн  райондун борборунан 97 км аралыктыкта турган,  тоо арасындагы Кара-Булак айылы да жабыр тартты.  Ошол күнү жамгырдан кийин келген сел айылдагы башталгыч мектептин түндүк тарабындагы пайдубалына чейин жетип, кудай сактап ичине кирген жок. Сел менен кошо агып келген таштандылар мектептин жанына салынган чакан көпүрөгө такалып, сууну бөгөп калып кум, таш аралашкан суу биздин малкананы, үйдү, огородубузду каптап, ичине чейин кирип келди. Короодогу буюм-тайымдардын баарын сел агызып кетти. Жолдошум Адигинеев Таир экөөбүз селден  калган буюмдарыбызды эптеп-септеп  үйдүн  чатырына ташып чыгарганга үлгүрдүк. Эки саатка жетпей, малканабыз, үйүбүз, огородубуз бийиктиги 1 метрден ашык кум, ташка толуп калды.

Ошол күнү Ачык-Таш капчыгайынан келген селден улам  жол жабылып калгандыктан катташ таптакыр токтоп калды. Атайын техникалар тоодой болуп үйүлүп калган таштарды эки тарапка сүрүп, жол ачылгандан кийин 22-майда Аравандан келген  комиссия айылды, мектепти, андан кийин биздин үйүбүздү да көрүп кетишти. Биз жашап жаткан үй  менин атам Таштанбеков Омардыкы.  Атам аны мурдагы «Коммунизм» колхозунун (азыркы А.Анаров атындагы айыл өкмөт) чыгарган токтомдун негизинде салган. Ал пенсияга чыкканга чейин чарбада иштеген. Бир жерде белгилеп өтүүчү жагдай, атам кары адам болгондуктан өз убагында үйдүн документтерин жасабай калган экен. 2010-жылдын 13-июнда каза болгондон кийин  бул үйдө мен үй-бүлөм менен жашап жаткам.

Кийинки  күнү райондун акими Сейтек Кулубаев баш болгон жетекчилер биздин айылга келишти. Аны менен кошо айыл өкмөттүн башчысы Мамиржан Кадыров  бизге азык-түлүк ала келишиптир. Аны Кара-Булактын  жашоочуларына таратып беришти.

Жетекчилер  элге кайрылып, бузулган жолду оңдоого атайын техника жалдап, ал үчүн  айыл өкмөтү тарабынан 10 тонна күйүучү май бөлүнүп бериле тургандыгына убада беришти. Алар биздин үйдүн абалын көрүп, анын документтерин толуктоого  жардам берүүгө, МЧСтин «жашоого жараксыз» деп  корутундусу чыгарса, ошого жараша тиешелүү жыйынтык чыгара тургандыктарын да айтып кетишти. Кара-Булактын жашоочулары «жаңы  жетекчилер эл алдында берген убадаларын аткарышат»  деп үмүттөнүп турабыз. 

Жаратылыш кырсыгын эч кимдин башына салгылык кылбасын, мындай учурда  адам аябай коркуп катат экенсиң. Өткөндө телевизордон Кыргыз Республикасынын  Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Зиядин Жамалдиновдун сел жүргөн айылга барып, керзи  өтүк кийип, селден жабыр тарткан бир үй-бүлөнүн буюмдарын ташып чыгарууга жардам берип,  жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө  аларга тез жардам  берүүнү  табыштап кеткенин көрүп ичибиз жылып калды.

Ошондой учурда бирөө-жарым келип ал-абалыңды сурап кетсе,  жабыркаган адамдын чөккөн маанайы көтөрүлүп, кадимкидей эле кубат алып калат тура. Аны өз башыбыздан өткөрдүк го!

Бааринса ТАШТАНБЕКОВА,

 Араван районундагы А.Анаров атындагы айыл өкмөттүн

Кара-Булак айылынын жашоочусу

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17