Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
1,561 Бардыгы / БАТКЕН. Баткен облусунун Кадамжай районунда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн 14 жаштагы өспүрүм кыздын сөөгү акыры табылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, ушул жылдын 4-сентябрында саат 15:25 чамасында аталган райондун Ноогардан айылында жайгашкан бакчада белгисиз аял кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Кадамжай РИИБсынын ыкчам […]
1,562 Бардыгы / БАТКЕН. Баткен облусунун Кадамжай районунда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн 14 жаштагы өспүрүм кыздын сөөгү акыры табылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, ушул жылдын 4-сентябрында саат 15:25 чамасында аталган райондун Ноогардан айылында жайгашкан бакчада белгисиз аял кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Кадамжай РИИБсынын ыкчам […]
КАДАМЖАЙДА ӨСПҮРҮМ КЫЗДЫ ЖАЙЛАГАНДАР КАРМАЛЫШТЫ
06.09.2022 / Автор anarkan_kg

1,563 Бардыгы /
БАТКЕН. Баткен облусунун Кадамжай районунда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн 14 жаштагы өспүрүм кыздын сөөгү акыры табылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 4-сентябрында саат 15:25 чамасында аталган райондун Ноогардан айылында жайгашкан бакчада белгисиз аял кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Кадамжай РИИБсынын ыкчам тергөө тобу жетип барган. Ошентип, окуя болгон жерди ар тараптуу кароо маалында колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп өлтүрүлгөн кыздын сөөгү табылды. Ал Кадамжай районунун Халмион Айыл Өкмөтүнүн 2008-жылы туулган К.А. аттуу тургуну экендиги аныкталып, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дагы дайындалды.
Фактынын негизинде Кылмыш-Жаза Кодексинин 122-беренесинин негизинде (“Адам өлтүрүү”) менен кылмыш иши козголду. Ыкчам-иликтөө жараянынын жүрүшүндө кылмышка күмөндөр сыёары Кадамжай районунун Халмион Айыл Өкмөтүнүн 24, 25 жана 27 жаштагы тургундары кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. Булардын биринин үйү тинтилип, далил сыёары “Хундай-Соната” үлгүсүндөгү автоунаасы камакка алдынды.
Ал эми өлкө президенти Садыр Жапаров аталган кандуу окуя жеке көзөмөлүндө тургандыгын шардана кылды: – Баткен облусунун Кадамжай районундагы жаш кыздын мыкаачы зөөкүрлөр тарабынан өмүрүнүн кыйылышы менин дагы зээнимди кейитти. Кыргыз эли байыртадан кыз балага өзгөчө мамиле жасаган, мындай мыкаачылыкка бармак түгүл, кыз балдардын бир тал чачына залал келтирбеген нарктуу эл. Биздин элдин аялзатына, кыз балага жасаган өзгөчө мамилесинен улам Кыз Сайкал жана Жаёыл мырзадай баатыр кыздарыбыз, Курманжан даткадай акылман энелерибиз чыккан. Жакында эле нарктуулукту сактоо жана жайылтуу тууралуу жарлык кабыл алганыбыз дагы бекеринен эмес! Бул коомубузду сырттан кирген жаман адаттардан сактоо максатында улуттук иденттүүлүгүбүздү калыбына келтирүү максатында алдын ала көрүлгөн аракет. Биз жаш муундарга болгон тарбия-насаатыбызды күчөтөлү! Ар бирибиз коом алдында жоопкерчилигибиз бар экендигин дагы эстен чыгарбайлы? Мен Ички иштер министрлиги баштаган күч органдарына жана башка тиешелүү мекемелерге уул-кыздарыбызга карата зордук-зомбулуктарды алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырам. Кадамжайда жасалган мыкаачылык – кечиримсиз иш! Кылмышкерлер аеосуз жазаланууна тийиш! Бул иш менин жеке көзөмөлүмдө турмакчы!
Расмий маалыматка таянсак, былтыр Кыргызстанда зордуктоо фактысына байланыштуу 604 иш катталып, анын 325и кыскартылган. Бир ай мурун дагы бир жашы жете элек 13 жаштагы кыздын зордукталышы коомчулукта чоё резонанс жараткан. Бул боюнча жарандык коом Кыргыз бийлигине кайрылып, тийиштүү жана катаал чараларды көрүүнү талап кылган. Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кошулган.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
19.03.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА ОРОЗО АЙТ НАМАЗЫ МЕЧИТТЕРДЕ ОКУЛАТ
-
19.03.2026 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
-
18.03.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТУК АДМИНИСТРАЦИЯНЫН ИМАРАТЫ МЕКТЕПКЕ АЙЛАНАТ
-
25.03.2025 / Автор anarkan_kg ЖЕР ТИТИРӨӨДӨГҮ АЛГАЧКЫ КАДАМДАР КАНДАЙ?
-
-
07.04.2025 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИ БИРИ ЭКИНЧИСИН АТЫП ТАШТАДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.