Аймак

ОШТО БАЛА БАКЧА БАШЧЫСЫ ПАРА БЕРИП ЖАТКАНДА КАРМАЛДЫ

ОШТО БАЛА БАКЧА БАШЧЫСЫ ПАРА БЕРИП ЖАТКАНДА КАРМАЛДЫ

 813 Бардыгы /

Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы «Би-Би» балдар бакчасынын жетекчиси милицияга пара берип жатканда кармалды. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан  билдиришти.

          Маалыматка караганда, Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери аталган мекеменин ишмердигин тыкыр текшерип жаткан. Буга бакчада балдарды атайын тарбиялоо программасына туура келбеген диний сабактарды башка улуттун кийимдерин кийгизип өтүп жаткандыгы тартылган тасма негиз болгон. Ошентип, бала бакчанын жетекчиси укук коргоо органдары текшерүү ишин токтотуусу үчүн Ош шаардык милициясынын экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерине пара сунуштап, ага 20 миң сом берип жаткан маалда кармалып олтурат.  Ошондуктан, аталган фактынынын негизинде Ош шаардык милициясы Кылмыш-Жаза Кодексинин 354-беренеси («Пара берүү») менен кылмыш ишин козгоп, тергөө жараяны жүрүп жатат.

          Баса, 2022-жылы Баткен облусунун Айдаркен шаарындагы бала бакчада дагы балдардын Каабанын макетин айланып басканы тартылган видео социалдык тармактарга тарап, абдан кызуу талкуу жараткан. Милиция бул окуяны дароо териштирип, тасма бакчада Орозо айтка карата ажылык сапарында аткарылчу ибадаттар тууралуу ачык сабак убагында тартылгандыгын тастыктаган. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 1-6 жаштагы 960 миңдей баланын 740 миңдейи бала бакчага дегеле барбайт.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17