Аймак

ИЗДӨӨ САЛАБЫЗ!

ИЗДӨӨ САЛАБЫЗ!

 663 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Сузак районунун Кара-Дарыя айылынын 62 жаштагы тургуну Абдимаминов Иманали Козубаевич 2024-жылдын  25-апрель күнү саат 14:00  чамасында Жалал-Абад шаарынан Бишкек шаарына барам деп чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.

Учурда Абдимаминов Иманали Козубаевичтин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 165-170 см, өңү кара-тору, кашы-көзү кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: кара түстөгү кемзир, ичинде кара түстөгү джемпир, кара спорттук шым жана бутунда ак түстөгү кроссовкачан болгон.

Дайынсыз болуп жаткан Абдимаминов Иманали Козубаевич тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Тел.: 102, (03722) 5 28 31,  0504 48 49 44. 

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17