Аймак

“ӨЧПӨС ОТТУН” БӨЛҮКЧӨСҮ МОСКВАДАН ОШ ШААРЫНА ЖЕТКИРИЛДИ

“ӨЧПӨС ОТТУН” БӨЛҮКЧӨСҮ МОСКВАДАН ОШ ШААРЫНА ЖЕТКИРИЛДИ

 372 Бардыгы /

“Эскерүү Оту” эл аралык иш-чарасынын алкагында Кыргызстандын Түштүк башкалаасына “Ош” эл аралык аэропортунан Кремлдин дубалындагы белгисиз жоокердин мүрзөсүндөгү “Өчпөс оттун” бөлүкчөсүн тосуп алышты.

Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын, Кыргызстандагы Орусия кызматташтыгынын, Ош шаарындагы Орус үйүнүн, Орусиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү катышышты. Белгилей кетчү жагдай: Ош шаарындагы “Өчпөс от” мемориалдык комплексинин алдында аталган Эл аралык акциянын алкагында жыйын-реквием өтүп, андан соң мемориалга от жагылды. Баса, түбөлүк  “Өчпөс оттун” бул бөлүкчөсүОш шаарынан соң өлкөнүн башка шаарларына өткөрүлүп берилди.

Айтмакчы, Ош шаарына Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын жаркын элесине арналган Өчпөс оттун бир бөлүгүн Бүткүл орусиялык “Элдик фронт” коомдук кыймылынын борбордук штабынын мүчөсү, театр жана кино актеру Михаил Мамаев, “Элдик фронт” коомдук кыймылынын Красноярск крайындагы облустук аткаруу комитетинин башчысы, Красноярск шаардык Кеңешинин депутаты Оксана Ларионова, “Элдик фронт” коомдук кыймылынын Краснодар аймактык штабынын мүчөсү Никита Костоправкин алып келишти. Белгилей кетээрибиз,  бул иш-чара быйыл Ош шаарында экинчи жолу өткөрүлдү.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17