Аймак

ЖЕҢИШ МАЙРАМЫНЫН АЛДЫНДА УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН АРДАГЕРИ САЛАХИДИН ТОКТОБАЕВ КАЗА ТАПТЫ

ЖЕҢИШ МАЙРАМЫНЫН АЛДЫНДА УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН АРДАГЕРИ САЛАХИДИН ТОКТОБАЕВ КАЗА ТАПТЫ

 378 Бардыгы /

Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Салахидин Токтобаев 99 жашында дүйнөдөн кайтты. Маркум соңку сааттарда акыркы сапарга узатылды.

Маркум менен коштошуу зыйнатына Ош шаардык мэриясынын, Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, Ош шаардык ардагерлер биримдигинин, аскер гарнизонунун, Орусиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү, ардагердин туугандары жана жакындары гана катышышты.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Салахидин Токтобаев 1925-жылы 10-июнда туулган. Ардагер 18 жаш курагында согушка аттанып, Белорус фронтунан Германияга чейинки жолду басып, 958-батольонунда абийирдүү кызмат өтөгөн. Согуштагы каармандыгы үчүн бир катар орден жана медалдар менен сыйланган. Согуш мезгилиндеги жарааатынын кесепетинен 2-топтогу майыптык алган. Согуштан соңку жылдарда Оштогу пахта заводунда пенсия жашына чейин иштеген. Маркумдун артында 4 кызы, 3 уулу, 28 небереси, 52 чебереси жана 2 кыбырасы калды.

Биздин редакция дагы маркум ардагердин туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Белгилей кетчү жагдай: ушул тапта Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 1 жана оруктун 5 ардагери жашашат.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17