Аймак

ОРУСИЯ ИИМ УКРАИНАНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ ИЗДӨӨ ЖАРЫЯЛАДЫ

ОРУСИЯ ИИМ УКРАИНАНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ ИЗДӨӨ ЖАРЫЯЛАДЫ

 2,865 Бардыгы /

Орусиянын Ички иштер министрлиги Украинанын президенти Владимир Зеленскийди издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине кошту. Бул тууралуу “РИА Новости” агенттиги кабарлады.

Зеленскийге кайсы кылмыш иши менен издөө жарыяланганы белгисиз. Ошондой эле Орусияда Украинанын мурдагы президенти Петр Порошенко да издөөгө алынган. Анын да чоо-жайы анык эмес.

Андан тышкары, бул тизмеде украин армиясынын кургактагы күчтөрүнүн командачысы Александр Павлюк, Украинанын мурдагы коргоо министри, Улуттук коргоо университетинин азыркы ректору Михаил Ковал да бар.

Москва Павлюкту 2022-жылы орус аскерлери басып алган Мариуполдо жашоочуларды “тирүү калкан катары колдонгон” деп айыптайт. Ал эми Ковалга кандай айып тагылганы белгисиз, ал Донбасста согуш башталган 2014-жылдын мартынан июлуна чейин министрдин милдетин аткарып турган.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги Зеленскийге издөө жарыяланышын “көңүл бурдуруу үчүн айла кеткенде ойлоп табылган жаңылык” деген өңүттө комментарийледи. Ошондой эле Киев орус президенти Владимир Путинди эл аралык коомчулук айыптап, Гаага соту аны камакка алууга ордер чыгарганын эске салды.

Ал эми Петр Порошенко өзүнө издөө жарыяланышын “мекенчилдик жана Украинага болгон сүйүү үчүн” деп мүнөздөдү. “Бул дээрлик аскердик сыйлыкка тете” деп жазды ал телеграм-каналына.

Орусия буга чейин да Украинанын мурдагы жана азыркы бир катар аткаминерлерине издөө жарыялаган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17