Аймак

БШК ОШ, БАТКЕН, КАРА-СУУДАГЫ ШАЙЛООНУН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЖАРЫЯЛАДЫ

БШК ОШ, БАТКЕН, КАРА-СУУДАГЫ ШАЙЛООНУН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЖАРЫЯЛАДЫ

 309 Бардыгы /

БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Ош, Баткен жана Кара-Сууда мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялады.

Оштогу №7 бир мандаттуу шайлоо округунан Бекмурза Эргешов, Баткендеги №2 бир мандаттуу шайлоо округунан Бактыяр Калпаев, Кара-Суудагы №9 бир мандаттуу шайлоо округунан Илимбек Кубанычбеков Жогорку Кеңештин депутаты деп таанылды. Алар парламентте түрдүү жагдайда мандатын тапшырган депутаттардын ордуна келет.

28-апрелде өткөн мөөнөтүнөн мурда шайлоонун акыркы жыйынтыгы 4-майда чыкты.

Эми 30-июнда Ноокаттагы №5 жана Ысык-Көлдөгү №36 бир мандаттуу округда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17