Аймак

СУЗАКТА БАЛДАРДЫ СҮЗҮП КЕТКЕН АВТОУНААНЫН АЙДООЧУСУ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫКТЫ

СУЗАКТА БАЛДАРДЫ СҮЗҮП КЕТКЕН АВТОУНААНЫН АЙДООЧУСУ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫКТЫ

 330 Бардыгы /

СУЗАКТА БАЛДАРДЫ СҮЗҮП КЕТКЕН АВТОУНААНЫН АЙДООЧУСУ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫКТЫ

ЖАЛАЛ-АБАД. Сузактагы “Манас айтуу” иш-чарасында балдарды сүзүп кеткен автоунаанын айдоочусу үй камагына чыгарылды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2-майда Сузак районунда “Манас айтуу” фестивалында дөңдөн ылдый жылган “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү машине балдарды коюп кеткен. Иш-чарага катышып жаткан 3 миң окуучунун 30дан ашыгы жабыр тартып, бир тобу ооруканага түшкөн. Айрымдары атайын борт менен Бишкекке жеткирилип, операция жасалды.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмү (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен иш козгогон. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, автоунаанын 48 жаштагы айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Автоунаа Жерге-Тал айылынын тургунуна таандык болгон. Ал кароо-сынакка катышып жаткан балдарга балмуздак таркатуу үчүн барган. Машинени өчүрбөй токтотуп, түшүп кеткен мезгилде унаа кокусунан жылып кеткенин айтып берген.

Окуяны мекемелер аралык комиссия иликтеп, аймактагы милиция жетекчилери кызматтан алынып, айрым кызматкерлер тартиптик жазага тартылды. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы да жумуштан убактылуу четтетилди.

Катуу жабыркаган беш баланын үй-бүлөсүнө Президенттин фондунан 200 миң сомдон, башка жарат алган балдарга 50 миң сомдон бөлүнгөн.

Учурда балдарды сүзүп кеткен автоунаанын айдоочусу үй камагына чыгарылып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17