Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
52 Бардыгы / Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты облус аймагындагы бардык район-шаарлардын баш имам хатибдеринин 2024-жылы аткарган иштеринин отчётун кабыл алып, жыл жыйынтыгын чыгарды. Жыл жыйынтыгында район-шаарлардан келген баш имам-хатибдердин жыл ичинде аткарган иштери фото-видео түрүндө көрсөтүлүп, алардын баяндамаларын КМ Алымдар кеңешинин мүчөсү Талантбек ажы Жороев, облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков, казыяттын адистеринен түзүлгөн комиссиялык курам угушту. […]
53 Бардыгы / Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты облус аймагындагы бардык район-шаарлардын баш имам хатибдеринин 2024-жылы аткарган иштеринин отчётун кабыл алып, жыл жыйынтыгын чыгарды. Жыл жыйынтыгында район-шаарлардан келген баш имам-хатибдердин жыл ичинде аткарган иштери фото-видео түрүндө көрсөтүлүп, алардын баяндамаларын КМ Алымдар кеңешинин мүчөсү Талантбек ажы Жороев, облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков, казыяттын адистеринен түзүлгөн комиссиялык курам угушту. […]
ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛЫП, МЫКТЫ БАШ ИМАМ-ХАТИБДЕР АНЫКТАЛДЫ
25.12.2024 / Автор anarkan_kg54 Бардыгы /
Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты облус аймагындагы бардык район-шаарлардын баш имам хатибдеринин 2024-жылы аткарган иштеринин отчётун кабыл алып, жыл жыйынтыгын чыгарды.
Жыл жыйынтыгында район-шаарлардан келген баш имам-хатибдердин жыл ичинде аткарган иштери фото-видео түрүндө көрсөтүлүп, алардын баяндамаларын КМ Алымдар кеңешинин мүчөсү Талантбек ажы Жороев, облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков, казыяттын адистеринен түзүлгөн комиссиялык курам угушту. Комиссия мүчөлөрү баяндамалардын негизинде баш имам-хатибдердин жыл бою аткарган иштериндеги артыкчылыктар менен кемчиликтерди айтышып, суроолорду беришти.
Соңунда отчетторду кабыл алуу комиссиясынын чечими менен Аксы районуну баш имам-хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыков 66 балл, Ноокен районунун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков 67 балл, Чаткал районунун баш имам-хатиби Кубанычбек ажы Токонов 69 балл, Ала-Бука районунун баш имам-хатиби Шумкарбек ажы Чыналиев 72 балл алып, облус казысынын “Алкыш” баракчасы менен сыйланды. Ал эми Майлуу-Суу шаарынын баш имам-хатиби Абсаттар ажы Эркинбеков 72 балл, Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев 78 балл алып, “Жылдын мыкты баш имам-хатиби” наамын алышты.
Облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков бардык район-шаарлардагы баш имам-хатибдер казыяттын канаты, негизги өзөгү экендигин баса белгилеп, жеңүүчүлөргө атайын даярдалган энчилүү кол саат жана ыраазычылык барагын тапшырып жатып буларга токтолду.
«Урматтуу баш имам-хатибдер, сиздер казыяттын негизги өзөгүсүздөр. Аймактардагы диний абалды жөнгө салууда, КМДБдан келген ар кандай тапшырмаларды өз убагында аткарууда, элибиздин диний, руханий сабаттуулугун арттырууда салымыңыздар зор. Ар бириңиздер алдыңкы орундарга татыктуусуздар. Эң башкысы биздин, элибиздин ынтымакчылыгы менен биримдиги. Бүгүнкү иш-чарабыздан сабак ала турчу бир учурду баса белгилеп айтпасам болбойт. Булда болсо биздин ынтымагыбыз. Майлуу-Суу шаарынын баш имам-хатиби Апсаттар ажы авабыз менен Ала-Бука районунун баш имам-хатиби Шумкар ажыбыз бирдей балл алып калышты. Комиссиянын эсеби менен экөө тең 72 балл алышты. Ага карабастан кичүүбүз аксакалыбызга жол берип, Апсаттар ажы авабыз “Жылдын мыкты баш имам-хатиби” болду. Шумкар ажыбыздан Аллахым ыраазы болсун. Бул биздин ортобуздагы ынтымак, биримдик. Аллахым баарыбыздын ортобузга дагы да ынтымак, биримдик жана сый-урмат берсин. Баарыңыздарга ыракмат», – деди.
Эске салсак, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча отчётторду облус аймагындагы 12 район, шаардын ичинен 11 и офлайн, жолдун катаал шартына байланыштуу Тогуз-Торо районун баш имам-хатиби онлайн форматта тапшырды.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
23.06.2026 / Автор anarkan_kg ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
-
22.06.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЭЛДИК ЖЫЙЫНДАР ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
-
-
24.07.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖАҢЫ ФИЛАРМОНИЯ САЛЫНАТ
-
26.08.2025 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗ-КАЗАК ЧЕК АРАСЫНДАГЫ «КАРКЫРА» БЕКЕТИ КҮНҮ-ТҮНҮ ИШТЕЙ БАШТАДЫ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.