Аймак

МЫЙЗАМСЫЗ ДИПЛОМ БЕРҮҮ ФАКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

МЫЙЗАМСЫЗ ДИПЛОМ БЕРҮҮ ФАКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

 3 Бардыгы /

Баткен облусунда мыйзамсыз диплом берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу КРдин Башкы прокуратурасынын маалымдашты.

Баткен областтык прокуратурасы тарабынан билим берүү жаатындагы мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, Баткен шаарындагы №57 кесиптик лицейинде иш жүзүндө окубаган, Кыргыз Республикасынын аймагында болбогон 6 студентке экзамендик баалар коюлуп, окууну аяктагандыгы тууралуу тийиштүү адистиктер боюнча мыйзамсыз дипломдорду берүү фактылары аныкталган.

Аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 337-бер. 2-бөл. менен кылмыш иштери козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17