Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА РАЙОНДУК АКИМЧИЛИККЕ ДАТТАНГАН АЯЛ САБАЛЫП, ПСИХИАТРИЯЛЫК ООРУКАНАГА ЖАТКЫРЫЛДЫ

ӨЗБЕКСТАНДА РАЙОНДУК АКИМЧИЛИККЕ ДАТТАНГАН АЯЛ САБАЛЫП, ПСИХИАТРИЯЛЫК ООРУКАНАГА ЖАТКЫРЫЛДЫ

 780 Бардыгы /

Өзбекстандын Кашкадарыя облусунун тургуну Дильдора Хожакулова жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен күч түзүм кызматкерлери аны сабап, психологиялык зомбулук көрсөтүшкөнүн билдирүүдө.

Анын айтымында, 22-сентябрда ал Яккабаг райондук акимчилигине барганда аны Улуттук гвардиянын кызматкерлери сабап, андан соң күч менен психиатриялык ооруканага жеткиришкен.

– Мен өз укуктарымды коргоо үчүн райондук акимчиликке баргам. Бирок 4-5 кызматкер, анын ичинде жашыл формачан милиция кызматкерлери мени сабап, күч колдонуп, тез жардам кызматы менен психиатриялык клиникага жеткиришти. Менде эч кандай психикалык оору жок. Акимчиликке даттанып кайрылганым үчүн гана оозеки буйруктун негизинде бир сутка психиатриялык ооруканага жатып чыгууга туура келди, – деди ал.

Бул окуядан кийин 37 жаштагы Дильдора Хожакулова райондук ооруканага жеткирилип, бүгүнкү күнгө чейин ошол жерде жатат.

Аталган медициналык жайдын жетекчиси Сарвар Жураев Хожакулова учурда терапия бөлүмүндө дарыланып жатканын ырастады.

– Аны менен эмне болгонун билбейм. Экспертизанын жыйынтыктары чыга элек. Анын сол колунда жана оң бутунда көгөргөн жерлери бар экен. Учурда терапия бөлүмүндө дарыланып жатат. Азырынча ушуларды гана айта алам, – деди Жураев.

Ал ортодо Улуттук гвардиянын Яккабаг райондук бөлүмүнүн Дильмурод аттуу өкүлү Дильдора Хожакулованын айыптоолорун четке какты.

– Ал жерде биздин кызматкерлер болгон эмес. Коомдук тартипти сактоо үчүн акимчиликке райондук милициянын өкүлдөрү барышкан. Бирок алардын эч кимиси ал аялга күч колдонгон эмес, – деди ал.

Жергиликтүү блогер Бекзод Тураев райондун бийлиги Хожакулованы психиатриялык ооруканага мыйзамсыз жаткырганын билдирүүдө.

– Мен бул окуяга өзүм күбө болдум. Психиатриялык клиникадан ал аялдын психикалык оорулары жок экенин билдиришти. Жергиликтүү бийлик саламаттыгы жакшы эле аялды эч кандай ордери жок эле психиатриялык ооруканага жаткырып койгон, – деди блогер.

Дильдора Хожакулова күйөөсү менен ажырашып кеткенден кийин ал экөөнүн үйүн карындашына берип салганын, 10 жаштагы баласы менен үй-жайсыз калгандыктан, жардам сурап райондук акимчиликка кайрылганын билдирүүдө.

​– Күйөөм райондук кеңештин депутаты. Ал акимчиликтин кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, үйүбүздү карындашына каттатып коюптур. Мыйзамга ылайык, жубайлар ажырашканда алардын үйү экөөнө бөлүнүшү керек. Ошондуктан мен жардам сурап акимчиликке кайрылгам. Бирок акимчиликтин өкүлдөрү депутат күйөөмдү жактап, сөзүмдү укпай коюшту. Алар мени психикалык оорулуу катары көрсөтүп, Улуттук гвардиянын кызматкерлерин чакырышты, – деди Хожакулова.

Бирок анын мурдагы күйөөсү Анвар Хожакулов айыптоолорду четке кагууда.

–​ Ал үй карындашыма мурас катары калган. Мында мыйзамсыз эч нерсе жок. Зарыл болсо бул ишти сот карасын, –​ деди ал.

Акимчиликтин аты-жөнүн билдиргиси келбеген өкүлү Дильдора Хожакулова имараттын ичинде чыр чыгаргандан кийин укук коргоо кызматкерлери чакырылганын билдирди.

– ​Ал акимчилик имаратында чыр чыгарып, столдун үстүндө турган чейнекти кызматкерлерди көздөй ыргытып жиберген. Бул окуядан кийин биз милиция чакырууга аргасыз болдук, – деди акимчиликтин кызматкери.

Өз кезегинде Дильдора Хожакулова чайнекти ыргытып жибергенин четке каккан жок. “Акимчилик жетекчилигинин адилетсиздигине чыдабай ушундай кадамга бардым. Чайнекти адамдарга эмес, дубалга ыргыткам”, – деди ал.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17