Аймак

АРМЕНИЯ ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ КОРОНАВИРУС ИНФЕКЦИЯСЫН ЖУКТУРУП АЛДЫ

АРМЕНИЯ ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ КОРОНАВИРУС ИНФЕКЦИЯСЫН ЖУКТУРУП АЛДЫ

 1,050 Бардыгы /

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян коронавирус инфекциясын жуктуруп алды. Бул тууралуу ал “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Пашиняндын айтымында, вирус анын үй-бүлө мүчөлөрүнөн да табылган. Өкмөт башчыда илдеттин ачык белгилери жок, дене табы көтөрүлгөн эмес. Бирок ал кесиптештерине ооруну жуктуруп албоо үчүн үйдөн иштейт.

Арменияда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 9 282 кишиге жетип, 131 бейтап кайтыш болду.

Өлкөдө 16-марта киргизилген өзгөчө абал режими 13-июнга чейин узартылган. 18-майда өлкөдө коомдук транспорт иштей баштаган. Бирок жүргүнчүлөр милдеттүү түрдө беткап тагынып, колкап кийиши керек. Ал арада соода борборлору, коомдук тамактануу жайлары да толугу менен ачылды.]

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17