Аймак

ДЕМ БЕРҮҮЧҮ ГРАНТТАР АРКЫЛУУ 234,8 МЛН СОМ КАРЖЫЛАНДЫ

ДЕМ БЕРҮҮЧҮ ГРАНТТАР АРКЫЛУУ 234,8 МЛН СОМ КАРЖЫЛАНДЫ

 6,468 Бардыгы /

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын каржылоого тапшырылган отчеттордун негизинде 2023-жылдын 9 айында республикалык бюджеттен “дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча 243,8 млн сом суммасындагы 223 долбоор каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлигине билдиришти.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инфратүзүм объекттерин (социалдык объекттер: мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер ж.б.) жакшыртуу максатында 2023-жылга “дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча республикалык бюджеттен 800,0 млн. сом каралган.

2023-жылы ишке ашыруу үчүн дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын отурумунун 2023-жылдын 19-апрелиндеги №15-01/2 протоколуна ылайык, 332 долбоор бекитилген.

Долбоорлорду каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан берилген отчеттордон көз каранды (суралган суммага жана талап кылынган көлөмгө ылайык, дем берүүчү (үлүштүк) грант каражаттардын өздөштүрүлүшүн эске алуу менен транштарда берилет (өздүк, тартылган, республикалык бюджет) долбоордун түрүнө жараша отчет берилгенден кийин).

2023-жылы ишке ашырууга 332 долбоор бекитилген. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын каржылоого тапшырылган отчеттордун негизинде 2023-жылдын 9 айында республикалык бюджеттен “дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча 243,8 млн сом суммасындагы 223 долбоор каржыланган.

Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар – аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттердин жана башка тартылган каражаттардын үлүштүк катышуусу менен долбоордук-конкурстук негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар.

Региондор боюнча дем берүүчү гранттарды бөлүштүрүү:

б/сАймактардын аталышы2023-ж.1.10.
Объекттердин саныСтимгранттын көлөмү (млн. сом)
 Республика боюнча жалпы224243,8
 аныничинде:  
1Баткен облусу1929,2
2Жалал-Абадоблусу4859,5
3Нарын облусу1813,6
4Ысык-Көлоблусу2116,2
5Талас облусу1823,6
6Ош облусу5460,0
7Чуй облусу4641,7

Категориялар боюнча бөлүштүрүү:

б/сКатегориялар2023-ж.1.10.
Объекттердин саныСтимгранттын көлөмү (млн. сом)
1Мектептер8382,7
2Бала бакчалар2826,4
3Маданий маанидеги объектилер3228,5
4Спорттук курулуштар1516,0
5Саламаттыктысактоомекемелери42,5
6Инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилери6287,7
7Административдик имараттар00,0
Бардыгы224243,8

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары курулуш иштерин жүргүзүү боюнча подрядчыларды аныктоо боюнча тендердик жол-жоболорду жүргүзүшөт, тендердин жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түзүлгөн келишимдерди бериши керек, ага ылайык каржылоо дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Пландалган жылга дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен кош каржылоого тандоо жүргүзүү үчүн долбоорлорду каттоо ушул жылдын 1-июлунан 30-ноябрына чейинки мезгилде ишке ашырылат.

Бир долбоорго республикалык бюджеттен бөлүнүүчү дем берүүчү (үлүштүк) гранттын максималдуу суммасы 5000000 (беш миллион) сомдон ашпоого тийиш. Бир долбоорго керектөө 3000000 (үч миллион) сомдон ашык болсо, арыз берүүчү долбоордун жалпы суммасынын 50%ынан кем эмес өлчөмдө долбоорду кошо каржылоону камсыз кылат. Бир долбоорго керектөө 3000000 (үч миллион) сомго чейин болсо, өздүк салым кирешелик камсыз кылуу деңгээлин эсептөө боюнча арыз берүүчү долбоорду жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан жана тартылган каражаттардан кошо каржылоону – акчалай салым 7пайыздан 30пайызга чейин камсыздайт.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17