Аймак

КАРА-КӨЛ ШААРЫНА ЦЕМЕНТ ЗАВОДУН КУРУУ БОЮНЧА МЕМОРАНДУМ ТҮЗҮЛДҮ

КАРА-КӨЛ ШААРЫНА ЦЕМЕНТ ЗАВОДУН КУРУУ БОЮНЧА МЕМОРАНДУМ ТҮЗҮЛДҮ

 3 Бардыгы /

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын Жаз-Кечүү аймактык башкармалыгына Кытай Эл Республикасынын Цзянсу провинциясынан келген “Chengyuan Port Group” компаниясынын жетекчилиги менен бирге цемент заводун куруу боюнча меморандумга кол коюлду.

Кара-Көл шаардык мэриясынын  маалымат кызматы билдиргендей,жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев катышып, аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Мындагы завод жылына 1 млн. тонна цемент чыгаруу кубаттуулугуна ээ болуп, алгач анда чалгындоо жана техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу аракеттери көрүлмөкчү. Алдыдагы убакытта келишим түзүлүп, 2025-жылы жумуш баштоо пландалды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17