Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
4 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Чаткал районунун Чакмак-Суу айылынын Куру-Тегерек участкасында жайгашкан “Кичи-Чаарат” жабык акционердик коому, Терек-Сай алындагы “Эти Бакыр Терексай” жана Ала-Бука районунун Ынтымак айыл аймагында жайгашкан “КАЗ Минералз Бозымчак” алтын кен компанияларынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Облус башчысы тоо-кен казып алуу технологиялары, коопсуздук чаралары, өндүрүш жана кайра […]
5 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Чаткал районунун Чакмак-Суу айылынын Куру-Тегерек участкасында жайгашкан “Кичи-Чаарат” жабык акционердик коому, Терек-Сай алындагы “Эти Бакыр Терексай” жана Ала-Бука районунун Ынтымак айыл аймагында жайгашкан “КАЗ Минералз Бозымчак” алтын кен компанияларынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Облус башчысы тоо-кен казып алуу технологиялары, коопсуздук чаралары, өндүрүш жана кайра […]
ТИЛЕК ТЕКЕБАЕВ ЧАТКАЛ ЖАНА АЛА-БУКА РАЙОНУНДАГЫ ТОО-КЕН КОМПАНИЯЛАРЫНА БАРДЫ
13.02.2025 / Автор anarkan_kg

6 Бардыгы /
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Чаткал районунун Чакмак-Суу айылынын Куру-Тегерек участкасында жайгашкан “Кичи-Чаарат” жабык акционердик коому, Терек-Сай алындагы “Эти Бакыр Терексай” жана Ала-Бука районунун Ынтымак айыл аймагында жайгашкан “КАЗ Минералз Бозымчак” алтын кен компанияларынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Облус башчысы тоо-кен казып алуу технологиялары, коопсуздук чаралары, өндүрүш жана кайра иштетүү тартиби, экология жана социалдык жоопкерчилик багытында аткарылган иштерди көрдү.
Чакмак-Суу айылынын Куру-Тегерек участкасында жайгашкан “Кичи-Чаарат” жабык акционердик коому 2019-жылы ачылып, инвестициялык көлөмү 400 млн АКШ долларын түзөт. Өндүрүштүн кубаттуулугу жылына 1 млн 800 миң тонна руданы кайра иштетет. Мекемеде жалпы 356 жумуш орундары болуп, анын 293 жергиликтүү жашоочулар.
Кыдыруунун алкагында ыйгарым укуктуу өкүл “Эти Бакыр Терексай” алтын ылгалоочу фабрикасына барды. Аталган мекемеге тартылган инвестициянын суммасы 350 млн АКШ долларын түзөт. Учурда фабрикада 650 жумуш орундары бар. Мындан сырткары, Тилек Текебаев 1336 адам эмгектенген Ала-Бука районунун Ынтымак айыл аймагындагы “КАЗ Минералз Бозымчак” өндүрүштүк мекемесиндеги иш ыргагын көрдү.
Облус өкүлү тоо-кен компаниялардын жетекчилерине техникалык коопсуздук жана экологиялык талаптардын так аткарылышы зарылдыгын эскертти. Компаниялар тарабынан облус башчысына өндүрүштү кеңейтүү, тийиштүү кадрлардын жетишсиздик көйгөйү бар экени айтылды.
Тилек Текебаев, аймактын негизги киреше булагы болгон кен компанияларда иштөө үчүн бир катар багыттар боюнча кесиптик окутууларды ачуу боюнча жергиликтүү бийликке тапшырмаларды берди.
Белгилей кесек, 2024-жылы Жалал-Абад облусу боюнча тоо кен тармагынан 30 млрд 519,1 млн сомдук продукция өндүрүлүп, 114 пайызга жеткен.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
05.07.2024 / Автор anarkan_kg ОШТО ООГАНСТАНДАН АЛЫНЫП КЕЛИНГЕН СУУСУНДУКТАР САТЫКТАН АЛЫНА БАШТАДЫ
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.