Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНЕ 3 ПАРТИЯ ӨТТҮ
НООКАТ ШААРЫНДА ЖЕР ҮСТҮНДӨГҮ ӨТМӨК КУРУЛАТ
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
2,500 Бардыгы / Ала-Бука районунда №21 “Ширин” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жаңы имараты ачылып, ишке кирди. Райондогу №21 “Ширин” мектепке чейинки билим берүү уюму 2011-жылы Өрүктү айыл аймагынын айыл тургундарынын демилгеси менен ачылган. Бакчаны директор Гүлүмкан Турдуева жетектейт. Жетекчинин негизги максаты – айылдагы тарбиялануучуларды бакчага тартып, заманбап типтүү имаратта билим тарбия берип, көптөгөн ийгиликтерге жетишүү. […]
2,501 Бардыгы / Ала-Бука районунда №21 “Ширин” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жаңы имараты ачылып, ишке кирди. Райондогу №21 “Ширин” мектепке чейинки билим берүү уюму 2011-жылы Өрүктү айыл аймагынын айыл тургундарынын демилгеси менен ачылган. Бакчаны директор Гүлүмкан Турдуева жетектейт. Жетекчинин негизги максаты – айылдагы тарбиялануучуларды бакчага тартып, заманбап типтүү имаратта билим тарбия берип, көптөгөн ийгиликтерге жетишүү. […]
ЗАМАНБАП ИМАРАТТА ДЕМИЛГЕҮҮ ТАРБИЯ
05.07.2022 / Автор anarkan_kg2,502 Бардыгы /
Ала-Бука районунда №21 “Ширин” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жаңы имараты ачылып, ишке кирди.
Райондогу №21 “Ширин” мектепке чейинки билим берүү уюму 2011-жылы Өрүктү айыл аймагынын айыл тургундарынын демилгеси менен ачылган. Бакчаны директор Гүлүмкан Турдуева жетектейт. Жетекчинин негизги максаты – айылдагы тарбиялануучуларды бакчага тартып, заманбап типтүү имаратта билим тарбия берип, көптөгөн ийгиликтерге жетишүү. Балдардын күлкүсү, кубанычы, бактылуулугу баарынан эң биринчи орунда турат.
2012-жылы “Сорос Кыргызстан” фондусу тарабынан балдар ойноочу аянтча, 2013-жылы Мерсико уюмунан эмеректер алынган. Ата-энелер бакчага килем, терезе пардаларды, оюнчуктарды алып берип, ар дайым жетекчинин ишин колдоп кубаттап турарын билдиришет. 2016-жылы жаңы типтүү бала бакчанын имаратын куруу боюнча долбоор даярдалып, 2018-жылы октябрь айында курулуш иши башталган. Курулуш иши аяктаганга чейин ата-энелердин кайрылуусу менен тарбиялануучуларга убактылуу бош үйдү оңдоп-түзөп, окуу тарбиялык иштер жүргүзүлдү. Ал имараттын тар экендигине карабай жалпы эмгек жамаат жоопкерчилик менен балдарга билим тарбия берип келишти. Өрүктү айыл аймагынын өкмөт башчысы Рустам Кийикбаев бала бакчаны бүтүрүп, кичинекей наристелерди тез аранын ичинде жаңы бакчага чыгаруу үчүн чоң жардам берди. Жергиликтүү кеңештин колдоосу менен бир миллион сомдук сапаттуу эмеректер тендер менен сатылып алынды. Бакчанын курулуш иши Ала-Бука райондук өнүктүрүү фонду тарабынан эки этап менен жүргүзүлдү. Куруучу “Т.Ч.К.А.” фирмасынын жетекчиси Жаркынбек Мавлянов иш башталгандан тартып курулуш ишин токтоткон жок. Кайсыл мезгилде болбосун ар дайым усталар иштешип жаткан болот. Иш жүрүп жаткан мезгилде жогору жактан келген байкоочулардан иштин сапаттуу бүткөрүлүп жаткандыгы айтылып келет. Шыйпыр, арматура, эшик, пол, кафелдерине чейин жогорку сапаттагы материалдарды пайдаланып бүткөрүштү.
Бакчанын директору ата-энелер жана демөөрчүлөр менен сүйлөшүп жаңы төшөнчүлөрдү тиктиришти. Бала бакча ачыларга жакын ата энелер имараттын тазалоо иштерине да активдүү катышышып, ачылуу аземи өткөнгө чейин жакындан жардам беришти. Ал эми бала бакчанын эмгек жамааты күн-түн дебей иштешип, тайпаларда жасалгалоо иштерин бүтүкөрүштү. Орто-Токой, Чолок-Тума айылдарынын айыл башчысы Ибайдулла Макамбаев ар дайым бала бакчанын көйгөйүн биринчи орунга коюп, бүтүрүүнүн үстүндө иштеп, чоң салымын кошту.
Бакчанын ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсатар Сыргабаев Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Нурбек Сатаров, Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Атамырза Баймуратов, Өрүктү айыл аймагынын өкмөт башчысы Рустам Кийикбаев жана райондогу балдар бакчаларынын башчылары, аксакалдар, ата-энелер жана айыл тургундары катышып, салтанат жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Кичинекей наристелерге бактылуу балалык, татыктуу билим, ден соолугу бекем болуусун каалашып, аларды куттукташып, аталар ак батасын беришти. Айыл элинин кубанычында чек жок, жалпы бакчанын курулушуна салымын кошкон тиешелүү инсандарга ыраазычылыктар билдирилди.
Бактыгүл АБЫЛКАСЫМ кызы,
№21 “Ширин” мектепке чейинки билим берүү уюмунун медайым
Автор anarkan_kg
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
18.11.2024 / Автор anarkan_kg КУДАЙБЕРДИ КОЖОБЕКОВ КАЙРАДАН ОШМУнун РЕКТОРЛУГУНА ДАЙЫНДАЛДЫ
-
18.11.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНЕ 3 ПАРТИЯ ӨТТҮ
-
-
06.06.2024 / Автор anarkan_kg “АУТИЗМ ДЕГЕН ЭМНЕ? БАЛДАРЫБЫЗГА КАНТИП ЖАРДАМ БЕРЕ АЛАБЫЗ”
-
13.06.2024 / Автор anarkan_kg НООКЕНДЕ ЖӨӨ АДАМДАР ӨТҮҮЧҮ КӨПҮРӨНҮН КУРУЛУШУ АЯКТАДЫ
-
26.06.2024 / Автор anarkan_kg БОРБОРДУК СТАДИОН ТОЛУК РЕКОНСТРУКЦИЯЛАНДЫ
Маек
Кадырберди БАЙГАЗИЕВ: “ЗАМАНБАП МЕКТЕП ҮЧҮН ОЙЛОМ ИШМЕРДИГИН АКТИВДЕШТИРҮҮ – МЕЗГИЛДИН КЕЧИКТИРИЛГИС ТАЛАБЫ!”
Ушул тапта Кыргызстандын башталгыч мектептеринде математика предмети боюнча ар түрдүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.