Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
823 Бардыгы / Экономикалык каатчылыктын кесепетинен өлкөбүздөгү айрым район-шаарлардын гезиттери дээрлик жарык көрбөй калышты. Ушундай кыйын кезеңде басылмасын апта сайын чыгарып, окурмандарына үзгүлтүксүз таратып келаткан Араван райондук “Достук” гезитинин башкы редактору Зулайка КАРАТАЕВАны жумуш үстүндө капыл-тапыл кепке тарттык. Зулайка эже, 7-ноябрь – Улуттук басма сөз күнүңүздөр кесиптик майрамыңыздар кут болсун! Ыракмат, Алишер! Мүмкүнчүлүктөн куп пайдаланып мен […]
824 Бардыгы / Экономикалык каатчылыктын кесепетинен өлкөбүздөгү айрым район-шаарлардын гезиттери дээрлик жарык көрбөй калышты. Ушундай кыйын кезеңде басылмасын апта сайын чыгарып, окурмандарына үзгүлтүксүз таратып келаткан Араван райондук “Достук” гезитинин башкы редактору Зулайка КАРАТАЕВАны жумуш үстүндө капыл-тапыл кепке тарттык. Зулайка эже, 7-ноябрь – Улуттук басма сөз күнүңүздөр кесиптик майрамыңыздар кут болсун! Ыракмат, Алишер! Мүмкүнчүлүктөн куп пайдаланып мен […]
Зулайка КАРАТАЕВА, “Достук” гезитинин башкы редактору: “АЙТЫЛГАН СӨЗ – АТЫЛГАН ОК!”
04.11.2022 / Автор anarkan_kg

825 Бардыгы /
Экономикалык каатчылыктын кесепетинен өлкөбүздөгү айрым район-шаарлардын гезиттери дээрлик жарык көрбөй калышты. Ушундай кыйын кезеңде басылмасын апта сайын чыгарып, окурмандарына үзгүлтүксүз таратып келаткан Араван райондук “Достук” гезитинин башкы редактору Зулайка КАРАТАЕВАны жумуш үстүндө капыл-тапыл кепке тарттык.
- Зулайка эже, 7-ноябрь – Улуттук басма сөз күнүңүздөр кесиптик майрамыңыздар кут болсун!
- Ыракмат, Алишер! Мүмкүнчүлүктөн куп пайдаланып мен дагы жалпы эле кесиптештеримди 7-ноябрь Улуттук басма сөз күнү менен чын ыкласымдан куттуктап, ар бирине ар дайым чыгармачылык илхам, анан дагы үй-бүлөлүк бакты-таалай тилеймин! Эң негизгиси: калемиңиздер эч качан мокобосун!
- Заманыбызга жараша – рынок шартына ылайык Сиздердин деле түйшүгүңүздөр ыраса күчөгөндүр?
- Туура эле баамдапсыңар. Окурмандарыбызды ынандыруу жана гезитке жаздыруу маселеси, албетте акыркы жылдарда абдан кыйындады. Редакциябызга акча которуу, чындыгында ого бетер татаалдашып гана олтурат.
- Ошентсе дагы?
- Айла жок! Дагыле чыдап-түтүп, моминтип тынымсыз түйшүктөнүп гана келатабыз. Өзүңүздөр көргөндөй, аймактык гезиттерге соңку жылдарда дегеле жаш журналисттер таптакыр жолобой калышты. Биринчиден, маянабыз абат эмес! Абдан эле төмөн. Экинчиден, алардын социалдык көйгөйлөрүн (турак жай, жол акы чыгымдарын, жөлөк пул) чечкенге дагы биздин таптакыр эле мүмкүнчүлүгүбүз жок!
- Анда ушул тапта гезитти кантип жана каяктан бастырып келатасыздар?
- Биздин бактыбызга Ош шаарында “Рек-Парк” менчик офсеттик басмаканасы бар. Жума сайын ал жакка өзүм чапкылап, 1000 нуска гезитибизди 3500 сомго араң бастырып келатабыз. Мындайча айтканда, “Достук” гезитинин башкы редактору, кабарчысы, терүүчүсү, корректору, анан дагы курьери (таратуучусу) – мен өзүммүн десем эч жаңылышпаймын!
- Гезит сатылгандан кийин түшкөн каражат деле коротулган чыгымдарды түк актабайбы?
- Балээниби? Мобул имаратта көп жылдардан бери ижарада гана олтурабыз. Андыктан ижара акысынан тышкары бул жайдын электр энергиясынын жана суусунун бүтүндөй чыгымдарын дагы бүт өзүбүз гана төлөйбүз.
- Зулайка эже, соңку кезде сайттар ыраса көбөйүп, элибиз гезит деле окубай калбадыбы?
- Алишер, мен Сиздин мындай тыянагыңызга, чындыгында эч макул эмесмин! Арабызда биздин эле гезитти эмес башка басылмаларды дагы издеп жүрүп окушкандар дагыле табылат. Анткени биз ар бир саныбызда чоң-кичине сын материалдар дагы жарыяланып турат. Айтылган сөз – атылган ок эмеспип. Сын ээлеринин айрымдары чычалашып, а түгүл бизди кадимкидей урушуп-тилдешет. Ал эми басымдуулугу сынга түшүнүү менен мамиле жасашып, кемчиликтерди өздөрү четтеткенге умтулушат. Андыктан журтташтарыбызды ар тараптуу агартууда гезиттин ролу дагыле жогору!
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
-
01.10.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЗА АТКАРУУ КЫЗМАТЫ АТА МЕКЕНДИК 25 ЖАҢЫ УНАА АЛДЫ
-
08.10.2024 / Автор anarkan_kg МЭР ЭЛ МЕНЕН ЖОЛУГУП, КӨЙГӨЙЛӨРҮН ЖЕРИНДЕ УГУП ЖАТАТ
-
15.10.2024 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗ АСКЕРЛЕРИ ТАЖИКСТАНДАГЫ ЖККУнун МАШЫГУУСУНА КАТЫШЫП ЖАТЫШАТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.