Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
1,408 Бардыгы / ОшМУнун студентттик “Нур” гезити 1992-жылы негизделген. 2001-жылы Ош шаардык жана Ош облустук юстиция башкармалыгынан расмий түрдө каттоодон өткөрүлгөн. Отуз жылдан бери үзгүлтүксүз гана жарык көрүп келатат. Ал эми ушул тапта 8 бет көлөмүндө түстүү чыгарылып, студенттерге бекер эле тарытылат. Бакытбек ОМОРКУЛОВ, ОшМУнун маалымат борборунун орус редакциясынын редактору: – Заман талабына жараша […]
1,409 Бардыгы / ОшМУнун студентттик “Нур” гезити 1992-жылы негизделген. 2001-жылы Ош шаардык жана Ош облустук юстиция башкармалыгынан расмий түрдө каттоодон өткөрүлгөн. Отуз жылдан бери үзгүлтүксүз гана жарык көрүп келатат. Ал эми ушул тапта 8 бет көлөмүндө түстүү чыгарылып, студенттерге бекер эле тарытылат. Бакытбек ОМОРКУЛОВ, ОшМУнун маалымат борборунун орус редакциясынын редактору: – Заман талабына жараша […]
НУРУН ТЕГИЗ ЧАЧКАН ГЕЗИТ ОТУЗДА
02.12.2022 / Автор anarkan_kg

1,410 Бардыгы /
ОшМУнун студентттик “Нур” гезити 1992-жылы негизделген. 2001-жылы Ош шаардык жана Ош облустук юстиция башкармалыгынан расмий түрдө каттоодон өткөрүлгөн. Отуз жылдан бери үзгүлтүксүз гана жарык көрүп келатат. Ал эми ушул тапта 8 бет көлөмүндө түстүү чыгарылып, студенттерге бекер эле тарытылат.
Бакытбек ОМОРКУЛОВ, ОшМУнун маалымат борборунун орус редакциясынын редактору: – Заман талабына жараша университетибиздин сайтын (www.oshsu.kg) дагы ишке түшүрдүк. Анда материалдар кыргыз жана орус тилдеринде байма-бай жарыяланып турат. Албетте, күн сайын жаңыланат. Ал эми олуттуу сын макалалалар дагы жарык көрөт. Андагы фактылардын негизинде айыптуулурга токтоосуз түрдө чаралар көрүлүп, кемчиликтер деле өз маалында четтетилип турат.
Абдимитал МУРЗАКМЕТОВ, тарых илимдеринин кандидаты, доцент, этнограф: – Студенттик “Нур” гезитинин мен такай айтып келаткан эң башкы мүчүлүшү – айына бир ирет ганажарык көрүп келатат. Ай башында болгон окуя, же жаңылык ошол айдын аягында араң жарыяланат. Кур дегенде жума сайын жарык көрсө, мындан баарыбыз тең утмакчыз. Анткени, анда жарыяланган маалыматтар таптакыр эскирип кетип жатпайбы. Демек, оперативдүүлүк деле жоголуп атат. Буга улай айтаарым: гезиттин редакторлугун жана эмгек жамаатын бүт студенттердин өзүнө – ОшМУнун Кыргыз филологиясы факультетинин журналистика бөлүмүнгө толук кандуу тапшырсак, мындан дагы утмакпыз. Дал ошондо басылма ар кыл жаңылыктардын жана дагы идеялардын чордонунан куп айланмак, эй!
Кудайберди КОЖОБЕКОВ, ОшМУнун ректору, профессор: – “Нур” гезити аркылуу улан-кыздарыбыз ой-пикирлерин бетке айтканга үйрөнүшүп. чоң дүйнөгө батыл аралашып жатышат. Алар адегенде өзүн-өзү таанып, жакшы-жаманды жана ак-караны ажыратканга бекем ыкташууда. Буга улай гезиттин редакциясы ушуну менен эле чектелбестен ар кыл кечелерди, түрдүү өңүттөгү жолугушууларды дагы байма-бай уюштурушуп, окуу жайыбыздын туруктуу чыгармачылык аянтчасына дагы айланып баратат. Ошол себептүү биз, ОшМУнун ректораты, гезитибизди үзгүлтүксүз чыгарып келатабыз. Ал эми “/мүт” жаштык телестудиясын заманбап, мактангандык эмес, дегеле Бишкекте дагы жок техникалар менен камсыз эттик.
Керимбек КАЛЫКУЛОВ, Ош улуттук драма театрынын директору: – Улуу империя СССР кыйратылып, Кыргызстан он беш союздук республиканын бири сыңары эгемендүүлүгүн жарыялагандан кийин өлкөбүздө эркин ЖМКлар (жалпы маалымдоо каражаттары) козу карындай жайнады го, чиркин… Ошол маалда 1992-жылы дагы ОшМУда “Нур” гезити өзүнчө түптөлдү. Аны негиздөөдө ыраматылык ректорубуз Каныбек Исаковдун, журналист Алишер Токсонбаевдин, саясатчы Дүйшөнкул Чотоновдун, Ош шаардык Кеңешинин депутаты Абдыжапар Аккуловдун, Жогорку Кеңештин ошогездеги депутаты Турсунбай Бакир уулунун деле мээнети абдан чоң! Тагдыр экен¸ кийин бул гезитке он жылдай редакторлук дагы кылдым. Бирок, курчтугубуздан жана калыстыгыбыздан тайыган жокпуз! Ошондуктан, гезитибизди жалаң студенттер гана эмес, эже-агайларыбыз дагы окушуп, олуттуу сын-пикирлерин жарыялап турушчу.
Дүйшөнбек БЕКТЕМИР уулу, ОшМУнун студенттик “Нур” гезитинин редактору: – Санариптешкен заманда “Нур” гезитинин сайтын ачуу аракетибиз күч! Ошондо окурмандларыбыздын ого бетер артаарынан менин кымындай шегим жок! Демек, кудаа каааласа, ОшМУнун эле эмес, бүтүндөй Кыргызстандын жаштарынын сүйүп жана чыдамсыздык менен күтүп окуган басылмасына айланабыз!
МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ
Ушул саптардын автору Алишер ТОКСОНБАЕВ дагы кезинде (1994-1995-жылдары) ОшМУнун студенттик “Нур” гезитинин редакторлук кызматын абийирдүү аркалаган. ОшМУнун ошогездеги ректору Бакыт БЕШИМОВ жаштарды үзгүлтүксүз кубаттап, гезитке жарыяланган ар бир сын материалга карата катаал жана калыс чараларды көрүүнү адатка айландырган.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
13.02.2025 / Автор anarkan_kg ИСКЕ УУЛАНУУНУН АЛДЫН АЛ, ЖАКЫНЫҢДЫН ӨМҮРҮН САКТА!
-
16.10.2025 / Автор anarkan_kg ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ ЯПОН МАДАНИЯТЫ МЕНЕН ТААНЫШУУ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ
-
-
16.10.2025 / Автор anarkan_kg ШАЙЛООНУ УЮШТУРУУ БОЮНЧА ОБЛУСТУК ШТАБДЫН ОТУРУМУ ӨТТҮ
-
22.10.2024 / Автор anarkan_kg КАМЕРАЛАР МЕНЕН КӨЗӨМӨЛДӨӨЧҮ КЫРДААЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
-
06.11.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖАЙЫТТЫ МЕНЧИКТЕШТИРИП ИЙИШКЕН
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.