Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
1,759 Бардыгы / БИШКЕК. АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) математика боюнча 3372 окуу-методикалык материалдардын топтомун – “Математикалык сандыкчаларды” Кыргыз Республикасынын 1682 мамлекеттик мектебине тапшырды. Баса, аталган көрсөтмө окуу куралдары башталгыч класстардын окуучуларына математикалык түшүнүктөрдү даана элестетип жана дагы так түшүнүүгө жардам берет. Баса, материалдарды тапшыруу расмий аземи Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим […]
1,760 Бардыгы / БИШКЕК. АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) математика боюнча 3372 окуу-методикалык материалдардын топтомун – “Математикалык сандыкчаларды” Кыргыз Республикасынын 1682 мамлекеттик мектебине тапшырды. Баса, аталган көрсөтмө окуу куралдары башталгыч класстардын окуучуларына математикалык түшүнүктөрдү даана элестетип жана дагы так түшүнүүгө жардам берет. Баса, материалдарды тапшыруу расмий аземи Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим […]
АКШ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ 1,6 МИҢДЕН АШУУН МЕКТЕПТЕРГЕ МАТЕМАТИКА ОКУТУУ БОЮНЧА МАТЕРИАЛДАРДЫ ТАРТУУЛАДЫ
08.02.2023 / Автор anarkan_kg

1,761 Бардыгы /
БИШКЕК. АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) математика боюнча 3372 окуу-методикалык материалдардын топтомун – “Математикалык сандыкчаларды” Кыргыз Республикасынын 1682 мамлекеттик мектебине тапшырды. Баса, аталган көрсөтмө окуу куралдары башталгыч класстардын окуучуларына математикалык түшүнүктөрдү даана элестетип жана дагы так түшүнүүгө жардам берет.
Баса, материалдарды тапшыруу расмий аземи Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору Кайя Адамс жана Бишкек шаарында жайгашкан он мамлекеттик мектептин өкүлдөрүнүн катышуусунда Бишкек шаарындагы №69-мектепте өткөр\лд\.
USAIDдин “Окуу керемет!” долбоору иштеп чыккан “Математикалык сандыкчалар” геометриялык фигуралар, сааттар, эсеп таякчалары жана палеткалар сыяктуу 27 түрдүү манипулятивдик жана графикалык моделдерди камтыйт. Сандыкчада берилген моделдерди математиканы окутууда колдонуу окуучуларга абстракттуу математикалык түшүнүктөрдү “сезүүгө” жана “көрүүгө”, символдордун, арифметикалык амалдардын жана эрежелердин маанисин жана аларды түптөгөн логиканы терең түшүнүүгө мүмкүндүк берет.
- Бул окуу куралдары мобилдүү, натыйжалуу жана өз убагында гана
берилүүдө. Кесиптештерим буларды алып, математика сабагында такай колдонууну чыдамсыздык менен күтүп жатышат, – дейт Чүй облусунун А. Жаманбаев атындагы орто мектептин башталгыч класстардын мугалими Фарида Сабыралиева.
Аталган көрсөтмө окуу куралдары башталгыч класстардын мугалимдерин окутуу модулдарынын мазмунуна ылайык иштелип чыккан. Бул окутуулар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте USAID тарабынан өткөрүлүүдө. 2023-жылдын март айында 13 миңден ашуун мугалимдер математикалык модулдар боюнча окууну баштап, жаңы берилген материалдар менен математиканы окутууда кесиптик чеберчилигин жогорулатышат. Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов өз сөзүндө, бул материалдар жаш баланын окуусуна ыңгайлаштырылганын белгилеп кетти.
– Баса, бул материалдар окуучуларга математика көндүмдөрүн калыптандырууга чоң салым кылат, – деген ишеничин жашырган жок Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов.
– Математиканы окутуу процессинде колдонууга арналган бул уникалдуу материалдар Кыргыз Республикасынын билим берүү системасы үчүн атайын иштелип чыккан. Биз бул демилгеге салым кошконубузга абдан сыймыктанабыз! – деп агынан жарылды USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору Кайя Адамс.
Ошентип, USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору башталгыч класстардын окуучуларынын окуу жана математика боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен өнөктөштүктө республика боюнча 1682 максаттуу мектепте (мектептердин 75 пайызгажакыны) ж\зөгө ашырылууда жана бүгүнкү күндө 450.миңден ашуун башталгыч класстардын окуучуларын ичине камтыйт.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
-
10.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛДЕРИНИН ДОСТУК “НООРУЗ” МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА БИЛЬЯРД БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ БАШТАЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.