Аймак

ЭАУнун 30 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН МААРЕКЕЛИК ИШ-ЧАРАЛАР

ЭАУнун 30 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН МААРЕКЕЛИК ИШ-ЧАРАЛАР

 2,592 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД.  19-майда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) жыйындар залында окуу жайдын 30 жылдыгына арналган маарекелик иш-чара өткөрүлдү. ЭАУнун Кесиптик багыт берүү ж/а коомчулук менен байланыштар кызматы билдиргендей, маарекелик иш-чаранын алкагында салтанаттуу чогулуш, майрамдык концерт жана сыйлыктарды берүү аземи өттү. Салтанаттуу чогулуштун башында ЭАУнун ректору э.и.д., профессор Айжамал Кантөрөева университеттин жамаатын маареке менен куттуктап, өз сөзүндө бул маарекенин маанилүүлүгүн баса белгилеп, окуу жайдын жетишкендиктерине жана ийгиликтерине токтолуп, тарыхындагы өзгөчө мааниге ээ учурларды эске салды. Майрамдык концертте белгилүү ырчы жана обончу Эмил Балтагулов жетектеген Жалал-Абад областтык филармониянын артисттери жана окуу жайдын чыгармачыл студенттери өз ырларын, обондорун жана бийлерин тартуулашты. Майрамдык концерттен кийин ЭАУнун бир катар мыкты кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Президенттин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жана окуу жайдын өзүнүн сыйлыктары берилди. Маарекелик иш-чарага окуу жайдын ардагерлери да катышып, аларга да сыйлыктар берилди.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 26-майында университеттин 30 жылдыгына жана анын негиздөөчүсү э.и.д., проф. РМА акад. К.Ш. Токтомаматовдун 75-жылдыгына арналган, “IV Токтомаматов окуулары”илимий иш-чарасынын алкагындагы “Билим берүүнүн ааламдашуусу жана интернационалдашуусу” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлөт.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17