Аймак

ЖКККББ: ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА БИР ЖУМА ИЧИНДЕ 21 351 ЖОЛ ЭРЕЖЕЛЕРИН БУЗУУ ФАКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

ЖКККББ: ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА БИР ЖУМА ИЧИНДЕ 21 351 ЖОЛ ЭРЕЖЕЛЕРИН БУЗУУ ФАКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

 1,377 Бардыгы /

КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 13-майдан тартып 19-майга чейин 21 351 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. ЖКККББнын басма сөз кызматы билдиргендей, алардын ичинен:
-тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-171;
-мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -142;
-авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-51;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-363;
-транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-6 427;
-авто ээнбаштык – 4;
-белгиленген ылдамдыктан ашуу- 3 580; 
-жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 2;
-башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 611.
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 059 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17